Россияда «боз» тизмеге кирген мигранттар кырдаалдан кантип чыга алат? Министрликтин жообу
На русском
АКИpress - 2025-жылдын 1-январынан тарта чет элдик жарандардын Россияда жүрүүсүнө жаңы эрежелер киргизилди.
Ага ылайык, убактылуу жашап турууга уруксаты, эмгек же жарандык келишими жок жана ишкердик, туризм, коммерциялык, жеке максатта же транзиттик жол менен келген чет элдик жарандар бир календардык жыл ичинде Россияда 90 күндөн ашык эмес жүрө алышат.
«Бул Россия Федерациясында эмгектик же жарандык-укуктук келишим түзбөстөн жүргөн жана 3 ай сайын кирип-чыккан чет өлкөлүк жарандар мындан ары бул тажрыйбаны колдоно алышпайт дегенди билдирет.
Бул эрежелер эмгектик же жарандык-укуктук келишимдин негизинде Россияда жүргөн жана окууга тапшырган кыргызстандыктарга жайылтылбайт», - деп түшүндүрдү эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу маалымат жыйында.
Ал белгилегендей, убактылуу чаралар 2025-жылдын 5-февралында да күчүнө кирген, ага ылайык, мыйзамсыз жүргөн чет элдик жарандар үчүн «чыгаруу режими» киргизилген.
«Бул Россиянын аймагында мыйзамдуу негизсиз жүргөн жана өлкөдөн чыгып кетпеген же болууга же жашоого мыйзамдуу негиздерге ээ болбогон чет өлкөлүк жарандар көзөмөлгө алынган адамдардын реестрине киргизилет дегенди билдирет.
Реестрге киргендерге чектөө чаралары колдонулат: кыймылсыз мүлк же транспорт сатып алуу жана сатуу, автоунааны колдонуу, никеге туруу, банктан эсеп ачуу, айына 30 миң рублдан ашык акча которуулар», - деди ал.
Ал реестрге кирген жарандарга абалды оңдоо үчүн эмне кылыш керектигин түшүндүрүп берди.
«Жаран Россиянын Ички иштер министрлигинин аймактык органына жайгашкан жер жөнүндө (анын ичинде геолокация белгиси менен сүрөттү жөнөтүү аркылуу), жана төмөндөгүлөр жөнүндө тез арада маалымат бериши керек:
- Россия Федерациясынан өз убагында өз алдынча чыгууга тоскоол болгон жагдайлардын келип чыгышы;
- форс-мажордук жагдайда Россиянын Ички иштер министрлигинин аймактык органынын уруксатысыз жашаган жерин өзгөртүү;
- Россия Федерациясынан пландалган өз алдынча чыгуунун күнү, орду жана маршруту.
Белгиленген милдеттерди бир нече жолу (эки же андан көп жолу) аткарбаган учурда, депортациялоо жана атайын мекемеге жайгаштыруу жөнүндө чечим көзөмөлгө алынган адамга колдонулат», - деди ал.