Россия тынчтык боюнча өз шарттарынын тизмесин АКШга берди, - «Reuters»
На русском
АКИpress - Россия АКШга Россия-Украина согушун токтотуу жана Москва менен Вашингтондун мамилесин кайра баштоо боюнча келишим тууралуу талаптардын тизмесин берди. Бул тууралуу «Reuters» агенттиги өз булактарына таянуу менен билдирди.
Маалыматка ылайык, Россия менен АКШнын өкүлдөрү акыркы 3 жуманын ичинде жеке жана онлайн жолугушууларда бул талаптарды талкуулашкан. Тизмеге эмнелер киргени белгисиз. Булактар Кремлдин шарттары Россиянын мурда Украина, АКШ жана НАТОго койгон талаптарына окшош экенин белгилешти.
Буга чейин Россия Украинанын НАТОго мүчөлүгүнөн баш тартуусун талап кылып, Украинага чет элдик аскерлерди жайгаштырууга каршы чыгып жана Крымдын, Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон облустарынын эл аралык деңгээлде таанылышын талап кылган. Мындан тышкары, акыркы жылдары Россия НАТОнун чыгышка карай кеңейишине каршы чыгып келет.
Россиянын Вашингтондогу элчилиги менен Ак үй бул тууралу комментарий берише элек.
Акыркы жумада Россия менен АКШнын өкүлдөрү тынчтык келишиминин негизи катары 2022-жылы Стамбулда россиялык, украиналык жана америкалык делегациялар талкуулаган келишимдин долбоору болушу мүмкүн деп билдиришкен. Анда Россия Украинадан НАТОго мүчө болуу пландарынан баш тартуусун жана ядердик куралсызданууну талап кылган.