13:50, 15-март, 2025

Сүрөттөр — Кыргыз-тажик чек арасындагы «Кызыл-Бел» жана «Кайрагач» пункттарынын ачылышы

14:46, 13-март, 2025 575

АКИpress -  Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров жана Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 13-мартта эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасындагы «Кайрагач» жана «Кызыл-Бел» көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин кайра жандантуу аземине видео байланыш режиминде катышты.

Иш-чара Эмомали Рахмондун Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында өттү. Эки өлкөнүн чек ара ведомстволорунун жетекчилери өткөрмө пункттарынын ишин жандандырууга толук даяр экенин билдиришти.

Кыргыз тараптын докладынан кийин С.Жапаров көзөмөл-өткөрүү пунктунун ишин баштоого буйрук берип, андан соң кыргыз тараптан шлагбаумдар көтөрүлдү.

Андан кийин Э.Рахмон Тажикстандын аймагындагы көзөмөл-өткөрмө пунктунун ишин жандандырууга буйрук берип, шлагбаумдар көтөрүлдү.

Пикирлер