15:00, 15-март, 2025

Айпери Медет кызынын Азия чемпионатындагы атаандаштары аныкталды

На русском
19:22, 13-март, 2025 525

АКИpress -  Айпери Медет кызы Иорданияда өтө турган күрөш боюнча Азия чемпионатына даярданууда. Анын чемпионаттагы атаандаштары да белгилүү болду.

Турнир 25-20-март күндөрү Амманда өтөт. Кыргызстандык балбан кыз 76 кг чейинки салмак категориясында эркин күрөш боюнча мелдешке катышат. Учурда бул категория боюнча 10 спортчу катталган.

Медет кызы Азия чемпионатында эки жолу алтын медаль уткан (2022-2024-жылдары), ошондой эле үч жолу финалга чыккан.

Пикирлер