10:43, 15-март, 2025

Польшада орган сатууга айыпталган аял кармалды. Анын курмандыктарынын арасында кыргызстандык да болгон

На русском
09:50, 13-март, 2025 556

АКИpress -  Адам органдарын сатуу боюнча кылмыштуу топтун мүчөсү — украиналык 35 жаштагы аял кармалды. Ал Казакстанда сырттан 12 жылга эркинен ажыратылган.

Маалыматка ылайык, ал орган сатууну уюштуруп, 56 адамдын бөйрөгүн саткан. Польшанын Перемышль аймагынын прокуратурасынын басма сөз кызматы билдиргендей, аял Интерполдун өтүнүчү менен 6-мартта Польша менен Украинанын ортосундагы темир жол бекетинде кармалган.

Казакстандын атайын кызматтарынын маалыматы боюнча, аял 2017-2019-жылдары кылмыштуу ишмердүүлүгүн жүргүзүп, 2020-жылдын ноябрь айынан бери изделип жаткан. Ал Казакстан, Армения, Азербайжан, Украина, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Таиланддын жарандарынын органдарын саткан. Аял экстрадицияланганга чейин райондук соттун кармоочу жайында 7 күн кармалат.

Пикирлер