Ворух анклавын айланып өтүүчү унаа жолдун курулушу үчүн подрядчы аныкталды
На русском
АКИpress - «Жалалабад СМУ ТТ» жабык акционердик коому Баткен облусунда Тамдык—Кишемиш—Дунон—Булак-Башы (Көк-Таш—Ак-Сай—Тамдык унаажолунун уландысы) унаа жолун куруу боюнча долбоордун башкы подрядчысы болуп аныкталды. Бул тууралуу Минкаб 2025-жылдын 29-январында жарыялаган № 49 тескемесинде баяндалат.
«ЭААС» жоопкерчилиги чектелген коому Баткен облусунда Тамдык—Кишемиш—Дунон—Булак-Башы (Көк-Таш—Ак-Сай—Тамдык унаажолунун уландысы) унаа жолун куруу боюнча долбоордун долбоорлоочусу болуп аныкталды.
Ага ылайык, иштер куруу жана долбоорлоо процесстерин айкалыштыруу (параллель долбоорлоо) жолу менен жүргүзүлөт.
Финансы министрлиги жол курулушун республикалык бюджеттен «Мамлекеттик капиталдык салымдар» беренеси боюнча каралган каражаттардын эсебинен каржыланат.