Бишкектин тургуну телефон чалгандарга алданып, 825 миң сомду насыяга алган
На русском
АКИpress - Бишкек шаарында алдамчылыкка шектүү жаран кармалганын Свердлов РИИБдин басма сөз кызматы 5-февралда билдирди.
2024-жылдын 17-октябрында шаар тургуну М.Т. милицияга арыз менен кайрылган. Анын айтымында, ага өзүн УКМКнын жана Улуттук банктын кызматкери деп тааныштырган адамдар телефон чалып, 825 миң сомду насыяга алууга көндүрүшкөн.
Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча катталды.
Свердлов РИИБдин ыкчам тобу тарабынан 2002-жылы туулган А.Х. бул ишке шектелип кармалып, убактылуу камакка алынды. Тергөө жүрүп жатат.