15:47, 8-февраль, 2025

Дача СУнун негизги көчөлөрүнө шагылдар төгүлүп, 8 аялдама курулуп, көчөлөр жарыктандырылды, - аким

15:08, 5-февраль, 2025 574

АКИpress -  Дача СУ Бишкек шаарынын Ленин районунун аймагына карап калды, деп билдирди Бишкек шаарынын Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиев «Биринчи радионун» эфиринде.

«Ал жерде 11 дача бар экен. Аларда 15 миңге жакын жарандар жашайт. Кечээ эле райондук администрацияда дачалардын төрагаларын чогултуп, жыйын өткөрдүк. Анда жөлөк пул маселеси, каттоого туруу, дачалар качан мыйзамдаштырылат, ал үчүн кандай укуктук нормалар керек деген сыяктуу, мектеп окуучуларынын көйгөйлөрү, ичүүчү суу, электр энергиясы боюнча маселелер талкууланды. Административдик-аймактык реформа боюнча мыйзам август айында күчүнө кирди. андан бери иштер аткарылып жатат. учурда дачалардын макамын жоюу маселеси күн тартибинде турат.

Республика боюнча 314төн ашык дача бар экен. Алардын дээрлик көпчүлүгү Сокулук районунда жайгашкан. Жогорку Кеңештин агрардык маселелер боюнча комитети дачалардын макамын алып, калктуу пункт кылууну демилгелеп жатат. Долбоор биринчи окуудан өтүп, ал боюнча тегерек стол өтүп кийин 2-окуудан да өттү. Эми 3-окуудан өтүп, президент кол койсо дачалардын макамы жоюлат. Макам жоюлгандан кийин гана ал жерлерге социалдык инфраструктураны куруу боюнча иш алып барабыз», - деди ал.

Ал Дача СУда жасала баштаган иштер тууралуу маалымат берди.

«Былтыр реформанын алкагында 14 млн сомдук иштер аткарылды. Дача СУнун негизги көчөлөрүнө шагылдар төгүлдү, 8 аялдама курулду, көчөлөр жарыктандырылды. Андан сырткары мектеп окуучуларына 6 автобус берилди», - деди Шакиев.

Аким 2-3 жылдын аралыгында административдик-аймактык реформанын алкагында Бишкекке кошулган аймактарга шаар деңгээлинде кызматтар көрсөтүлө баштарын кошумчалады.

Пикирлер