Азербайжан Казакстандын учак кырсыгы боюнча болжолдуу отчетуна комментарий берди
На русском
АКИpress - Азербайжандын Транспорт министрлиги Казакстандын Актаудагы «Azerbaijan Airlines» авиакомпаниясынын «Embraer-190» учагынын кыйрашы тууралуу алдын ала отчетуна комментарий берди, деп Мedia.az. жазып чыкты.
Азербайжан тараптын билдирүүсүндөгү негизги пункттар:
1. 4K-AZ65 номуру менен катталган жана «Азербайжан авиалиниялары» компаниясына (AZAL) таандык «Embraer 190-100 IGW» жүргүнчү учагы, Баку шаарынан Россиянын Грозный шаарына J2-8243 каттамы менен учууну баштагандан тартып, Грозныйга чейинки маршруттун бөлүгүндө учууга толугу менен жарактуу абалда болгон. Учактын учууга жарактуулугу тууралуу бул маалыматтар, анын башкаруу системаларынын иштеши да FDR маалыматтары менен тастыкталган;
2. Учактын эки кыймылдаткычы тең кырсыктан мурун техникалык көйгөйү жок иштеген. Бул маалыматты FDR маалыматтары да тастыктап турат;
3. Россиянын аба мейкиндигинде, анын ичинде Грозный аэропортунун үстүндө учуп бара жатканда, учак GPS сигналдарын жоготкон;
4. Грозный шаарынын үстүндөгү жагымсыз аба ырайынан улам учак экинчи жолу конууга мүмкүнчүлүк алган эмес, андан кийин капитан Бакуга кайтуу чечимин кабыл алган. Бул чечим кабыл алынгандан кийин Грозныйдын үстүндө CVRде 24 секунда аралыкта сырттан угулган 2 үн жазылып калган;
5. CVR жана FDR маалыматтарын салыштыруу биринчи сырткы үндөн 4 секунда өткөндөн кийин 3-гидравликалык система, 6 секунда өткөндөн кийин 1-гидравликалык система, 21 секунда өткөндөн кийин 2-гидравликалык система иштен чыкканын көрсөттү;
6. Сүрөт жана видеотасмалар аркылуу фюзеляждын көптөгөн оюктары, жабык урунуулар аныкталды. Бул зыяндар фюзеляждын арткы бөлүгүндө табылган, алардын басымдуу бөлүгү вертикалдуу жана горизонталдуу стабилизаторлордо, ошондой эле сол канатта жана сол кыймылдаткычта болгон;
7. Учактын фюзеляжындагы аныкталган зыяндар сырткы объектилердин таасиринен пайда болгону тууралуу маалымат берилген. Алдын ала отчетто учактын канаттуулар менен кагылышканына кандайдыр бир далилдер жок;
8. Фюзеляждын оюктарында табылган, учакка таандык эмес бөтөн нерселер алынган — алардын сүрөттөрү алдын ала отчеттун текстинде коомчулукка сунушталды. Табылган бөтөн объектилердин таандыгын так аныктоо үчүн келечекте кошумча экспертизалар өткөрүлөт;
9. Саат 05:13:32де учакта негизги башкаруу системалары иштен чыккан; саат 05:21:42де өз ара аракеттенүү боюнча диспетчер Грозныйга "Килем" операциясын жүргүзүү тууралуу билдирүү жөнөткөн;
10. Кычкылтек баллонунун жарылганы тууралуу эч кандай маалымат аныкталган эмес.
- Бакудан Россиянын Грозный шаарына карай учуп бара жаткан «AZAL» авиакомпаниясынын «Embraer E190» учагы 2024-жылдын 25-декабрында Казакстандын Актау шаарында кыйраган. Кырсыкта 38 адам каза болуп, 29 адам аман калган. Азербайжандын президенти Ильхам Алиев учак жерден атылып түшүрүлгөн деп, бул үчүн Россияны күнөөлөгөн.
- Россиянын президенти Владимир Путин Алиевден Россиянын аба мейкиндигиндеги окуя үчүн кечирим сураган. Ал Бакудан келген учак Грозныйга конууга аракет кылган учурда, Грозный, Моздок жана Владикавказ шаарларын украиналык согуштук дрон чабуулга алганын жана Россиянын коргонуу күчтөрүнүн каражаттары бул чабуулдарга бөгөт койгонун белгилеген.
- Казакстандын бийлиги 4-февралда жарыялаган алдын ала отчетто, учактын системаларындагы бузулуулар сырткы объекттен улам пайда болгону айтылды.