Президент Садыр Жапаров Пекиндеги эл баатырларынын эстелигине гүлчамбар койду
На русском
АКИpress - Президент Садыр Жапаров Кытайдын Пекин шаарындагы Тяньаньмэнь аянтында жайгашкан эл баатырларынын эстелигине гүлчамбар койду. Бул иш-чара Кытай Эл Республикасына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн, 5-февралда уюштурулганын өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Эл баатырларынын эстелиги — Кытай Эл Республикасынын улуттук эстелиги болуп эсептелет. Ал XIX жана XX кылымдарда кытай элинин революциячыл күрөшүндө курман болгон баатырлардын элесине арналып, 1952–1958-жылдары курулган.