23:39, 7-февраль, 2025

Президент Садыр Жапаров Кытайга барды

На русском
19:08, 4-февраль, 2025 875

АКИpress -  Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-февралда мамлекеттик сапар менен Пекин шаарына барды. Бул сапар Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен уюштурулууда.

Мамлекет башчынын борту Пекин шаарындагы «Шоуду» эл аралык аэропортуна конду. Аэропортто мамлекеттик желектер илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилди.

Президент Садыр Жапаровду Кытай Эл Республикасынын Турак жай, шаар жана айыл курулуш министри Ни Хун жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Эртең, 5-февралда Пекин шаарында президент Садыр Жапаров КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин, ошондой эле КЭРдин Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян жана КЭРдин эл өкүлдөрүнүн Бүткүл кытайлык жыйынынын Туруктуу комитетинин Төрагасы Чжао Лэцзи менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Сапардын жүрүшүндө бир катар маанилүү өкмөттөр аралык макулдашууларга кол коюу, баары камтылган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү жөнүндө эки мамлекеттин биргелешкен декларациясын кабыл алуу пландаштырылууда. Мындан тышкары Садыр Жапаров Харбиндеги IX кышкы Азия оюндарынын ачылыш аземине катышат.

Пикирлер