Жазаларды аткаруу кызматы Юстиция министрлигинин курамынан чыгат. Жарлыкка кол коюлду
На русском
АКИpress - Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын кээ бир маселелери жөнүндө жарлыкка кол койду.
Ага ылайык Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын ишинин натыйжалуулугун өркүндөтүү жана жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:
1. Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын базасында Министрлер кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы түзүлсүн.
2. Юстиция министрлигине караштуу Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматы Министрлер кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаменти деп кайра аталсын.
Министрлер кабинети белгиленген тартипте:
– Министрлер кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө жобону иштеп чыгып жана бекитет;
– бул жарлыктан келип чыгуучу тийиштүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун бир айлык мөөнөттө киргизет;
– бул жарлыктан келип чыгуучу уюштуруучу, финансылык жана башка зарыл чараларды көрөт.