Партиялык тизмени жоюп, 30 округдан 3төн депутатты шайлоо демилгеленип жатат, - БШКнын өкүлү
На русском
АКИpress - 2021-жылдын ноябрынан бери 7-чакырылыштагы депутаттарды кайра шайлоо үчүн 9 округда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү, деп билдирди бүгүн, 4-февралда БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев «Биринчи радионун» эфиринде.
БШКнын өкүлү шайлоо системасындагы реформаны аягына чейин көрүүнү сунуштады. Преференциалдык система боюнча шайлоодо маселелер болгонун, бирок кийинки шайлоого талапкерлердин сүрөттөрүн экранга чыгаруу ыкмасын колдонуу каралып жатканы айтылды.
«Эми кийинки шайлоонун алдында кайра мыйзамга өзгөртүү киргизилип калса, мүмкүн кайра түшүнбөстүк, билбестик боюнча маселе жаралат», - деди ал.
Адис жеке пикиринде, өлкөдө учурдагы шайлоо системасын өнүктүрүү керек деп эсептейт.
«Бирок акыркы күндөрү жалпы партиялык тизмени жок кылып, 30 шайлоо округуна бөлүп, 3 депутатты шайлоо тууралуу сөз болуп жатат. Жогорку Кеңеш мыйзам кабыл алып, президент кол койсо биз аткаруу бийлигибиз аткара беребиз. Бирок учурдагы системада айымдар, жаштар квотасы, депутаттардын этностук таандыгына, майыптуулугу боюнча квоталар бар», - деди ал.