23:26, 7-февраль, 2025

Ден соолукка өтө зыян. Бишкек шаарындагы абанын сапаты

17:11, 4-февраль, 2025 184

АКИpress -  QAir жарыялаган маалымат боюнча, бүгүн, 4-февралда саат 16:00гө карата Бишкек шаарындагы абанын булгануусу 205 AQI болуп жатат. Бул көрсөткүч менен абанын сапаты ден соолукка өтө зыян деп эсептелет.

Абасы өтө булганган аймактар:

1. Мадиев көчөсү — 341

2. Бишкек эл аралык мектеби — 296

3. Байтик айылы — 183

AQI: Абанын сапатынын индекси Булгануу деңгээли
0—50 жакшы Абанын сапаты канааттандырарлык. Абанын булгануусу өтө чоң эмес жана норманын чегинде
51—100 канааттандырарлык Абанын сапаты нормалдуу, бирок өтө сезгич топтогу адамдарга зыян болушу мүмкүн
101—150 сезгич топтор үчүн ден соолукка зыян Өтө сезгич адамдардын тобуна таасир этиши ыктымал. Ортодогуларга олуттуу таасир этпейт.
151—200 ден соолукка зыян Бардык адамдар ден соолукка терс таасирин байкашы мүмкүн. Өзгөчө сезгич адамдар көбүрөөк зыян тартышы ыктымал.
201—300 ден соолукка өтө зыян Ден соолукка коркунучтуу. Жалпы калкка зыян болушу мүмкүн
300+ коркунучтуу Ден соолукка коркунучтуу. Ар бир адам олуттуу зыян тартышы мүмкүн

Муну менен Бишкек шаары абанын сапаты жана атмосферасынын булгануусу боюнча дүйнөлүк рейтингде 2-орунда турат.

• Атмосферанын булгануусунан кантип сактануу керек?
- терезе-эшиктерди жабыңыз;
- бет кап тагыныңыз;
- тыштагы физикалык кыймылды азайтыңыз;
- аба тазалагычты пайдаланыңыз.

Пикирлер