Алдамчыларга алданган аял кыймылсыз мүлкүн арзан сатып жиберген
На русском
АКИpress - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине бир топ адамдардын алдамчылык аракеттери тууралуу маалымат келип түшкөн. Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө бир катар чет өлкөлүк жарандар жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, ошондой эле ар кандай хакердик программалар менен Кыргыз Республикасынын жарандарынын акчасын жана кыймылсыз мүлкүн тартып алуу боюнча схема уюштурушканы аныкталды.
УКМК билдиргендей, аларга 1959-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны Б.Ч.Б. кайрылган.
«Алдамчылар өздөрүн Улуттук банктын өкүлү, ИИМдин тергөөчүсү жана УКМКнын кызматкери катары тааныштырышкан. Алар Б.Ч.Б.нын акчасын ээлеп алып, ошондой эле кыймылсыз мүлкүн базар баасынан төмөн наркка сатууга мажбурлашкан (кыймылсыз мүлк риэлторлук компанияга сатылган). Кыймылсыз мүлктүн акчасын ойдон чыгарылган алдамчыларды кармоо боюнча иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ээлеп алууну пландашкан. Бирок Б.Ч.Б. шектенип, УКМКга кайрылган.
Алдамчылар Б.Ч.Б.ны акчаны такси аркылуу жөнөтүп жиберүүгө шаштырышкан.
Аталган факт боюнча жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын жыйынтыгы менен риэлторлук компания өз ыктыяры менен сатып алынган батирди Б.Ч.Б.га кайтарып берүүгө макул болду», - дейт УКМК.
Ошондой эле УКМК алдамчылар жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, өздөрүн жабырлануучулардын жакын тууганы же укук коргоо органдарынын кызматкерлери, өлкөнүн жогорку кызмат адамдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жетекчилери болуп көрсөтүшү мүмкүн экенин эскертет.