АКИpress - 3-февралда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кызматтан кеткени тууралуу маалымдады. Ал билдирүүсүндө ката кетирилгенин жана мындан улам кызматынан кетүү тууралуу арыз жазганын белгилеген.
Алымкадыр Бейшеналиев бул кызматты эки жолу — 2020-жылдын октябрынан 2022-жылдын август айына чейин жана 2023-жылдын сентябрь айынан 2025-жылдын февраль айына чейин аркалады.
Биринчи мөөнөтү ага карата козголгон кылмыш иштерине байланыштуу токтотулган. Анда ага жалпы 8 иш боюнча иш козголгон. Кийин ал иштер токтотулуп, Бейшеналиев «Алтын балалык» реабилитациялык борборунун директору болуп дайындалган.
«Уу коргошунду президент экөөбүз кайнатып жатабыз»
Министрдин коомдо талкуу жараткан алгачкы окуясы — анын түз эфир учурунда уу коргошундан даярдалган дарыны ичүүсү болгон.
Ал журналисттер чогулган маалымат жыйында уу коргошун клиникалык сыноодон өтүп жатканын кабарлаган. Ошол учурда Токмок жана Бишкек шаарларындагы жугуштуу оорулар боюнча ооруканаларда уу коргошундан даярдалган дары колдонула баштаган. Маалыматка ылайык, аны 300дөй бейтап ичкен.
«Уу коргошунду президент экөөбүз кайнатып жатабыз. Дозасын президент гана аныктай алат», - деген министр.
Кийин Бейшеналиев "уу коргошун" темасына кайрылбай турганын билдирген. Бирок окуядан кийин ага "аконит" лакап аты колдонулуп калган.
Медициналык мекемелердин жетекчилери менен салгылаш...
Министрлик кызматтагы алгачкы мөөнөтүндө ал масштабдуу кадырдык өзгөртүүлөрдү жасады.
Алгач эле Онкология жана гематология улуттук борборунун директору Эрнис Тилеков кызматтан кеткен. Ал кызматын өз каалоосу менен өткөрүп берип жатканын билдирген. Тилеков аталган борборду 2017-жылдын февралынан 2021-жылдын апрель айына чейин жетектеген.
Андан соң Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаев кызматтан кеткен. Ал кызматтан Тышкы иштер министрлигинин кызматкери Бахтияр Шакировдун аталган борбордон ийне алгандан кийин каза болгондогу окуясынан кийин кеткен. Саламаттыкты сактоо министрлиги кызматтык иликтөө жүргүзүп, анын жыйынтыгында борбордун 5 кызматкери өз каалоолору менен кызматтарынан кетишкен.
2021-жылдын ноябрь айында Кардиология жана терапия улуттук борборунун директору Акпай Сарыбаев кызматтан бошотулган. Буга аудит учурунда аныкталган бузуулар себеп болгон. Бирок Сарыбаев айыптолор менен макул болгон эмес. Анын кызматтан алынуусу коллективдин каршылык көрсөтүүсү менен коштолгон.
2021-жылдын декабрь айында Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан Республикалык наркология жана психикалык ден соолук борбору бириктирилген.
Психикалык ден соолук борборунун директору Ураимжан Исмаилов чечимге каршы чыгып, отставкага кеткен.
Ошол эле учурда Маммология борборунун директору Дамира Абдылдаева да кызматтан алынган. Ал борборду 2006-жылдан тарта жетектеп келген. Борбор жоюлуп, бөлүмгө айланган.
2022-жылдын февраль айында Бишкек Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борбору Бишкек клиникалык тез жардам ооруканасына которулган.
Борборду жетектеген Сабырбек Жумабеков кызматынан алынып, мекеменин кайра уюштурулушуна каршы чыккан. Борбордун кызматкерлери кийинки күнү мекемеге жаңы дайылдалып келген Гулия Кожокматованы киргизбей, митинг уюштурушкан. Жумабеков президент менен жолугарын, чечимди ал кабыл аларын билдирген.
2021-жылдын май айында Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо боюнча улуттук изилдөө институтунун директору Жамал Ашимов кызматтан кеткен.
Министрликтин борбордук аппараты менен болгон кофликт
Бейшеналиев реформаны министрликтин борбордук аппаратында да жасаган. Мындан улам бир катар пикир келишпестиктер жаралган.
Ал өз орун басарларын: Мадамин Каратаевди, Нурболот Үсөнбаевди кызматтан алган.
2022-жылдын май айында анын башка дагы 3 орун басары — Жапаркул Ташиев, Жалалидин Рахматуллаев жана Улук-Бек Бектурганов — Бейшеналиевдин кызматтан алынышын талап кылышкан. Алар менен бирге башкармалыктардын жетекчилери да нааразычылык билдирип чыгышкан. Көп өтпөй алардын баары кызматтан алынган.
Жогорку Кеңеш менен болгон конфликт
Депутаттар Бейшеналиевди бир нече жолу сынга алышкан. 2021-жылы парламент өкмөткө Бейшеналиевди кызматтан алуу боюнча сунуштама жолдогон. Президент Садыр Жапаров бул боюнча комментарий берип, министр жакшы иштеп жатканын билдирген.
Жогорку Кеңеш Бейшеналиевди кызматтан алуу боюнча добуш берүү өткөрүп, анда 81 депутат министрдин кызматтан кетишине, 8и — калтыруу үчүн добуш берген. Бирок ошого карабай Бейшеналиев кызматында калган.
Эрнст Акрамов менен болгон чыр
2022-жылы Чүй облустук ооруканасына Эрнст Акрамовдун ысмын ыйгаруу демилгеленген. Бирок бул сунушка министр Бейшеналиев« Акрамов Чүй облустук ооруканасына атын берүүгө татыксыз», - деген пикирин билдирген.
Анын мындай пикири коомдо терс кабыл алынып, кечирим суроо талабы коюлган. Кийин апрель айында министр менен Акрамов бири-бирин кечиришүү белгиси катары биргеликте балаты отургузушкан.
Алмаз Исманкулов жана Курманкул Зулушев менен болгон чыр
2023-жылы Бейшеналиев «Көздүн микрохирургиясы» клиникасын оорукананын имаратынан чыгарууга аракет кылган. Ал клиникага жеке өзү келип, бирок каршылыкка туш болгон. Дарыгер менен сүйлөшүү учурунда ал Исманкуловду «лопух» деп атаган.
Кийинчерээк Башкы прокуратура министрди жазалоо үчүн кызматтан бошотуу боюнча Министрлер кабинетине сунуш киргизген. Бейшеналиев мамлекеттик мүлк үчүн күрөшүп жатканын айткан.
2023-жылдын июнь айында «Алтын балалык» реабилитациялык борбору ачылып, эртеси күнү министр кармалган. Ага каршы 7 кылмыш иши козголгон:
- коррупция жөнүндө берене боюнча 1;
- опузалоо беренеси боюнча 2;
- кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн 4 кылмыш иши.
Анда президент Бейшеналиев менен баш прокурор Зулушевди убактылуу иштен алган, бирок кийинчерээк Зулушев кызматына кайтып келген.
2023-жылдын август айында коррупция боюнча иш токтотулуп, Бейшеналиев 19-августта бошотулган. Ошол эле күнү ал «Алтын балалык» борборунун директору болуп дайындалган.
Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги экинчи мөөнөт
2023-жылдын сентябрында Бейшеналиев кайрадан министр болуп дайындалган. Чыр-чатактар азайып, бирок мурдагы депутат Жусупбек Коргонбай уулу аны уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы бар деп бир нече жолу айыптаган. Бейшеналиев буга карата депутат өлкөнүн түштүк тарабынан кызмат алгысы келгенин, тилеги ишке ашпаганы үчүн мындай билдирүү таратып жатканын айтып, жооп берген.
2024-жылдын апрелинде БШК депутат Коргонбай уулунун мандатын мөөнөтүнөн мурда алган. Кийинчерээк Бейшеналиев соттон утуп чыгып, экс-депутат сөзүн төгүндөп, моралдык чыгым төлөп берүүсүн талап кылган.
Бейшеналиевдин министрлик кызматтагы экинчи мөөнөтүндө органдарды трансплантациялоо боюнча операциялар ишке ашты: өлкөдө бөйрөк, боор жана сөөк чучугу бекер трансплантациялана баштады. Жүрөк стенти да бекер жеткиликтүү болду. Ошондой эле өлкөдө 100 мамлекеттик «Эл аман» дарыканасы, 2024-жылы бир катар медициналык мекемелер, кошумча корпустар ачылган.