23:04, 7-февраль, 2025

Бишкек жана Ош шаарларынын статусу жөнүндө мыйзам долбоору сунушталууда

21:52, 4-февраль, 2025 976

АКИpress -  Бүгүн, 4-февралда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинин отурумунда “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Борбордун статусу жөнүндө” жана “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоого ээ боолду.

Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Чыңгыз Ажибаев, Ырысбек Атажанов, Русланбек Жакышов, Кубанычбек Самаков, Динара Ашимова.

Чыңгыз Ажибаев белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты жана милдети жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү колдонуудагы мыйзамдарды, тактап айтканда “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын бир түрдүү системага келтирүү (унификациялоо) болуп саналат.

Муну менен катар комитет жыйынында “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”, “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорлору каралып, үчүнчү окууда жактырылды.

Пикирлер