Адилет Жунушалиев Токмок ШИИБдин жетекчисинин орун басары болуп дайындалды
На русскомКрайний справа Адилет Джунушалиев
АКИpress - Милициянын майору Жунушалиев Адилет Муратбекович Токмок ШИИБдин жетекчисинин ыкчам иштер боюнча орун басары болуп дайындалды.
Ал Бакыт Султангазиевдин ордуна келди. Султангазиев Кемин РИИБдин жетекчиси болуп дайындалды.
11-январда Чүй ОИИБдин жетекчиси Каныбек Абдырахманов Жунушалиевди жамаатка тааныштырды. Ал буга чейин Чүй ОИИБдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыйгарым укуктуу кызматкери болуп иштеген.