12:09, 13-январь, 2025

Бишкекте автоунаалардын терезелерин талкалаган шектүү кармалды

На русском
21:19, 11-январь, 2025 1278

АКИpress -  Бишкек шаарында бейбашчылыкка шектүү жаран кармалды, деп билдирди 11-январда Свердлов РИИБдин басма сөз кызматы.

2024-жылдын 3-декабрында милицияга 3 автоунаанын терезелери талкаланганы тууралуу арыз түшкөн. Бул окуя КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси («Уурулук») менен катталган.

Свердлов РИИБдин ыкчам тобу тарабынан бул ишке шектелип 1997-жылы туулган А.Ы. кармалды. Тергөө жүрүп жатат.

Пикирлер