Акыркы суткада өлкөнүн аймагында 18 өрт кырсыгы катталды
АКИpress - Бүгүн, 11-январга караган сутканын ичинде өлкөнүн аймагында 18 өрт кырсыгы катталды. Өрттү өчүрүүгө 27 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.
Бишкек шаарында 4, Ош облусунда 3, Чүй облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 4, Ысык-Көл, Талас, Баткен облустарында бирден өрт кырсыгы катталды. Куткаруучулар 1 чакыруу боюнча жардам көрсөтүштү.
Бишкек шаарындагы Исанов көчөсүндө жайгашкан 13 кабаттуу үйдө өрт чыкты. Адамдар жаракат алган жок.