Бишкектеги 13 кабаттуу үйдө өрт чыкты
На русскомАКИpress - Бүгүн, 11-январга караган түнү Бишкек шаарындагы Исанов көчөсүндө жайгашкан 13 кабаттуу үйдө өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, өрт саат 03:00 чамасында 13-кабаттан тутанып, жалын чатырга чейин жайылды.
Өрттү өчүрүүгө 5 бөлүм жөнөтүлүп, саат 8:42де өрт толугу менен өчүрүлдү. Бир подъезддин тургундары эвакуацияланды, жаракат алгандар жок.
Жалын жалпы 500 чарчы метрди каптаган. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.