13:49, 13-январь, 2025

Бишкектеги 13 кабаттуу үйдө өрт чыкты

На русском
11:27, 11-январь, 2025 672

АКИpress -  Бүгүн, 11-январга караган түнү Бишкек шаарындагы Исанов көчөсүндө жайгашкан 13 кабаттуу үйдө өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, өрт саат 03:00 чамасында 13-кабаттан тутанып, жалын чатырга чейин жайылды.

Өрттү өчүрүүгө 5 бөлүм жөнөтүлүп, саат 8:42де өрт толугу менен өчүрүлдү. Бир подъезддин тургундары эвакуацияланды, жаракат алгандар жок.

Жалын жалпы 500 чарчы метрди каптаган. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.

Пикирлер