12:52, 13-январь, 2025

Бегимай Турусбекова катышкан Россиядагы музыкалык шоунун жеңүүчүсү аныкталды

На русском
11:06, 11-январь, 2025 12547

АКИpress -  10-январда Россиянын телеканалында «Ханыша» («Царица») музыкалык шоусу 4 финалчынын катышуусунда жыйынтыкталды. Финалга кыргызстандык Бегимай Турусбекова да чыккан.

Финалдын биринчи турунда Бегимай Турусбекова Регина Тодоренко менен бирге Глюкозанын «Невеста» ырын аткарышты.

Ал эми экинчи турда Бегимай Полина Гагаринанын «Обезоружена» ырын аткарды. Жыйынтыгында калыстар тобунун мүчөлөрү Лариса Долина менен Алена Свиридова «9» деген баа беришсе, калгандары «10» деп баалады.

Калыстар тобу толугу менен «10» деген баа берген Светлана Ларионова долбоордун жеңүүчүсү аталды. Ошондой эле залдагы көрүүчүлөр да катышуучуларга упай беришти.

Жалпы жыйынтык:

- Светлана Ларионова — 49,62;

- Бегимай Турусбекова — 46,59;

- Ирина Зинченко — 46,33;

- Виолета Комиссарова — 45,54.

Жеңүүчүгө тапшырыла турган акчалай сыйлыктын суммасы айтылган жок.

Пикирлер