11:57, 13-январь, 2025

Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын тышкы иштер министрин кабыл алды

На русском
10:41, 11-январь, 2025 1724

АКИpress -  Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевди кабыл алды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, жолугушууда кыргыз-казак кызматташуусунун абалы жана келечеги талкууланып, аларды мындан ары өнүктүрүү жолдору каралды.

Тараптар эки мамлекеттин башчыларынын деңгээлинде жетишилген макулдашууларды иш жүзүндө ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Кулубаев кыргыз-казак мамилеси Кыргызстандын тышкы саясатында артыкчылыктуу мүнөздө экенин белгиледи. Ошондой эле Актау шаарында учак кыйраганда жабыр тарткан Кыргызстандын жарандарына көмөктөшкөнү үчүн казак тарапка ыраазычылык билдирди.

Пикирлер