Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын тышкы иштер министрин кабыл алды
На русскомАКИpress - Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевди кабыл алды.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, жолугушууда кыргыз-казак кызматташуусунун абалы жана келечеги талкууланып, аларды мындан ары өнүктүрүү жолдору каралды.
Тараптар эки мамлекеттин башчыларынын деңгээлинде жетишилген макулдашууларды иш жүзүндө ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Кулубаев кыргыз-казак мамилеси Кыргызстандын тышкы саясатында артыкчылыктуу мүнөздө экенин белгиледи. Ошондой эле Актау шаарында учак кыйраганда жабыр тарткан Кыргызстандын жарандарына көмөктөшкөнү үчүн казак тарапка ыраазычылык билдирди.