Үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо боюнча улуттук кеңештин биринчи жыйыны өттү
На русскомАКИpress - Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Министрлер кабинетине караштуу Үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча улуттук кеңештин биринчи отурумун өткөрдү.
Касымалиев улуттук кеңештин түзүлүшү 2024-жылдагы мааракелик даталарга – Баланын укуктары жөнүндө БУУнун конвенциясына Кыргыз Республикасынын кошулгандыгынын 30 жылдыгына жана Кыргызстанда ЮНИСЕФтин иштеп жаткандыгынын 30 жылдыгына, ошондой эле аялдарга карата дискриминациянын бардык формаларын жок кылуу жөнүндөгү БУУнун конвенциясына кошулгандыгынын 27 жылдыгына туш келгендигин белгиледи.
“Улуттук кеңеш өлкөбүздөгү актуалдуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган маанилүү социалдык, экономикалык жана укуктук бир катар факторлорду эске алуу менен түзүлгөн. Биринчи кезекте ал үй-бүлөнү колдоого жана гендердик теңчиликке жетишүүгө багытталган стратегияларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга көмөкчү болот, ошону менен коомдун туруктуулугун бекемдөөгө түрткү берет. Мындан тышкары, кеңештин негизги милдеттеринин бири, айрыкча, калктын өтө аярлуу топтору үчүн, камкордукка жана жардамга муктаж болгондорду колдоону камсыз кылуу үчүн социалдык коргоо чараларын күчөтүү болмокчу. Ошондой эле мамлекеттик жана мамлекеттик эмес түзүмдөрдүн ортосундагы күч-аракеттерди координациялоо, жарандарыбыздын жашоо сапатын жакшыртууга түздөн-түз таасир этүүчү программаларды ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана тажрыйба алмашуу, демилгелерди талкуулоо үчүн натыйжалуу платформаны түзүү маанилүү милдеттерден болуп саналат”, - деди ал.
Адылбек Касымалиев 2024-жылдын 7-мартында президент тарабынан аялдар лидерлигин колдоо жөнүндө жарлыкка кол коюлушу чечимдерди кабыл алууда аялдардын ролун жогорулатуудагы маанилүү кадам болгонун айтып бул тармактагы иштерди кошумчалады. Мындан тышкары, кароосуз калган балдардын билим алуусуна, ден соолугун чыңдоого же турак-жайга ээ болуусуна каражат топтоосуна мүмкүнчүлүк берген “Келечекке салым” мамлекеттик балдар салымынын ишке киргизилиши дагы бир маанилүү демилге болуп саналат. Ошондой эле 2026-жылдан тартып жетүүгө шарты оор жана алыскы бийик тоолуу райондордо жашаган көп балалуу энелер үчүн “Бала – береке” бир жолку төлөмү киргизилмекчи.
Иш-чаранын жүрүшүндө БУУнун Кыргыз Республикасындагы туруктуу координатору Антье Граве сөз сүйлөп, улуттук кеңештин эффективдүү ишмердүүлүгүнүн жана балдардын укуктарын коргоо маселелерин ушундай жогорку деңгээлде кароонун маанилүүлүгүн белгиледи.
Ошондой эле жыйында 2025-жылга карата Министрлер кабинетинин алдындагы Үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, коргоо жана балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча улуттук кеңештин иш-чаралар планынын долбоору каралды.