12:25, 13-январь, 2025

Майып кызын зордуктоого шектелген жаранга карата кылмыш иши козголду

На русском
18:16, 10-январь, 2025 1083

АКИpress -  Бишкек шаарында 17 жашар майып кызды зордуктоо фактысы боюнча кылмыш иши козголду, деп билдирди Ленин РИИБдин басма сөз кызматы.

30-декабрда милицияга арыз түшүп, 1969-жылы туулган С.Б. аттуу шектүү жаран ШИИБдин убактылуу кармоо жайында 7 күн кармалган.

Ленин РИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, шектүүнүн үстүнөн жубайы К.Д.: «Кызына карата ыпылас аракеттерди жасаган болушу мүмкүн», - деген арыз менен кайрылган.

Шектүү С.Б. кыздын өз атасы экени аныкталган. Аталган факт Ленин РИИБде катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголду.

Пикирлер