Лейлек районунда 2 күндө баасы 1,9 млн сомго жакын контрабанда аныкталды
На русскомАКИpress - Баткен облусунун Лейлек районунда Лейлек чек ара отрядынын кызматкерлери 2 күндүн ичинде жалпы суммасы 1,9 млн сомго жакын болгон 2 контрабанда фактысын аныкташты. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Биринчи окуя 2025-жылдын 9-январында Курук-Сай аймагында болгон.
Чек ара наряды «Mercedes-Benz» үлгүсүндөгү унааны кармаган. Анын айдоочусу — 2003-жылы туулган Кыргызстандын жараны Ж. уулу Т. тооктун 3 тонналык майдаланган этин жана 300 килограмдай куйрук майды Тажикстанга мыйзамсыз ташып чыгууга аракет кылган. Ал эми ташылып жаткан жүккө тийиштүү документтер анын колунда болгон эмес.
Экинчи окуя 10-январда Достук-Мурас унаажолунда болгон.
Кызматтын маалыматы боюнча, чек арачылар Лейлек РИИБдин кызматкерлери менен биргеликте «Toyota Corolla» үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.
Унаанын айдоочусу — 1994-жылы туулган Кыргызстандын жараны С.Р. Тажикстандан документи жок 8 кутуча электрондук чылымды алып кирген. Жүктүн алдын ала баасы 1,5 млн сомду түзгөн.
Тийиштүү протоколдор түзүлгөндөн кийин кармалган жарандар жана алынган жүктөр андан ары териштирүү үчүн компетенттүү органдарга өткөрүлгөн.