Бишкекте мейманканадагы конокко кол салуу болду (тактоо киргизилди)
На русском![](http://cdn-1.aki.kg/cdn-st-0/qgA/A/3071383.58f0af65a83fd4001e556dac8694e4e8.jpg)
АКИpress - Бишкек шаарында тоноо кылмышына шектүүлөр кармалганын 10-январда ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
9-январда саат 03:40 чамасында милицияга телефон чалуу болуп, Огомбаев көчөсүндөгү мейманкананын бөлмөсүндөгү мейманга бейтааныш адамдар кол салганы тууралуу маалымат түшкөн. Алар жабырлануучунун 50 миң доллар акчасын жана уюлдук телефонун тартып алышкан.
Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (тоноо) менен катталды. Милиция кызматкерлери тарабынан көп узабай бул ишке шектелип 2003-жылы туулган Б.Н., 1999-жылы туулган М.А., 2004-жылы туулган Ж.К. кармалып, убактылуу камакка алынды. Кылмыштын башка катышуучулары такталып жатат.
Кийинчерээк милиция 50 миң доллар эмес, 50 доллар тонолгонун кабарлады.