13:25, 13-январь, 2025

Бишкекте ири өлчөмдөгү баңгизат аныкталды

На русском
16:55, 10-январь, 2025 554

АКИpress -  Бишкекте синтетикалык баңгизатты сатуу менен алектенген каналдын ишине бөгөт коюлду, деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.

ИИМдин Баңгизат менен күрөшүү кызматынын кызматкерлерине Кыргызстанга баңгизатты ири көлөмдө алып келип, аны сатуу менен алектенген жактар тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен каттоого алынып, шектүү катары Х.Х.Ю. аттуу жаран кармалган. Тинтүү учурунда анын жанынан Alpha-PVP психотроптук заты табылган. Телефонунда аталган заттын өлчөмдөлүп катылган жерлери тууралуу маалымат болгон. Мындан тышкары анын үйүнөн мефедрон жана жогоруда заттын 356 даана таңгагы аныкталган. Милициянын маалыматына ылайык, баңгизатты сатуудан түшкөн пайда 1,6 млн сомду түзмөк. Шектүү 1-абакка киргизилип, учурда тергөө уланууда.

Пикирлер