Конфискацияланган мүлк 15 жылга 8% менен ипотекага берилип жатат
На русскомАКИpress - Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги аркылуу Мамлекеттик ипотекалык компанияга берилген конфискацияланган мүлктөр 8% пайыз менен 15 жылга берилип жатат. Бул тууралуу 10-январда Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) башкарма төрагасынын орун басары Нурадил Баясов брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, МИКте үч багыт бар: 25 жылга 4% пайыз менен жеңилдетилген ипотека жана социалдык ипотека, ошондой эле 25 жылга 8% менен жеткиликтүү ипотека. Бул үч программада тең баштапкы төлөм талап кылынбайт.
"Кыргызстанда туруктуу жумушу жок чет өлкөдө жүргөн мигранттарды колдоо үчүн объекттин баасынын 50% өлчөмүн алып, калган сумманы 8% пайыз менен 15 жылга бөлүп берүүнү караган программа түзүлдү. Мигранттар көп учурда туруктуу жумуш орду, социалдык төлөмдөрү же акыркы 12 айдын ичиндеги эмгек акысынын жоктугунан улам башка программаларга катыша алышпайт", - деди ал.