Майыптуулугу бар жарандарга МИК аркылуу батир алууда кандай жеңилдиктер каралган?
На русскомАКИpress - Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар «Мамлекеттик ипотекалык компаниясы» аркылуу 25 жылдык мөөнөткө 4%дык ипотека менен батир ала алышат. Бул тууралуу компаниянын башкармалыгынын төрага орун басары Нурадил Баясов билдирди.
Адистин айтымында, көп балалуу үй-бүлө, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, тоолуу аймактарда иштеген жаш адистерге, баатыр энелерге карата атайын программа каралган.
2023-жылга чейин батирлерди бөлүштүрүүнүн өзгөчө тартиби болуп келген. Кайрылуулардын саны көбөйгөндөн кийин аталган жактар үчүн атайын жеңилдетилген ставка менен ипотека киргизилген.
Адистин айтымында, эгер жарандар майыптуулугу боюнча тийиштүү документтерин тапшырса, батир чүчүкулак аркылуу бөлүштүрүлөт. Мындай жактарга карата кошумча жеңилдетүү каралган. Ал — турак үйдүн алдыңкы кабатынан батир алуу. Муну менен майып жарандардын керектөөсү эске алынган. Адис батир бөлүштүрүү ачык айкын процесс экендигин да белгилеп өткөн.