13:54, 13-январь, 2025

Бишкектеги окуучулардын мушташынан кийин милицияга арыз түштү

На русском
15:33, 10-январь, 2025 531

АКИpress -  Бишкек шаарында жайгашкан №13 мектеп-гимназиянын окуучуларынын ортосунда мушташ болду. Бул окуядан кийин окуучулардын биринин апасы милиция кызматкерлерине кайрылган.

Ленин РИИБдин басма сөз кызматы 10-январда билдирген маалымат боюнча, окуя 2024-жылдын 22-декабрында саат 15:00 чамасында болгон. Арыз ээсинин айтымында, Манас проспектиси менен Москва көчөсүнүн кесилишинде анын 2013-жылы туулган уулу Б.Э. токмоктолгон. Андан тышкары баласынан акча талап кылынганын кошумчалады.

Бул факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Пикирлер