УКМК Бишкектеги жетекчилерди кеңешмеге чогултту
На русскомАКИpress - Бүгүн, 10-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кеңешме өткөрдү. Ага Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын бардык жетекчилери, райондук администрациялардын башчылары жана муниципалдык ишканалардын, орто билим берүү мектептеринин директорлору, ошондой эле Бишкек шаарынын ооруканаларынын башчылары катышты.
Кеңешменин жүрүшүндө жетекчилерге «Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» кабыл алынган ( 2024-жылдын 31-декабрында КР Президенти тарабынан бекитилген) мыйзамдын айрым пункттарына киргизилген өзгөртүүлөр жана кылмыш жоопкерчилиги тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ошондой эле коррупциялык фактылар, козголгон кылмыш иштери жана сот жообуна тартылган адамдар боюнча акыркы 4 жылдагы статистикалык маалыматтар берилди.
Мындан ары коррупция аныкталган учурда тиешеси бар жарандар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылып, соттолгон адамга өмүр бою белгилүү бир мамлекеттик жана муниципалдык кызматты ээлөөгө тыюу салынып, күнөөлүү адамга карата эркиндигинен ажыратуу түрүндө милдеттүү түрдө жаза берилет. Ошондой эле мамлекеттин бюджетине келтирилген зыяндын ордун толук толтурууга тийиш болот.