Садыр Жапаров Абхазия менен Армениянын унааларын мыйзамдаштыруу жөнүндө жарлыкка кол койду
На русскомАКИpress - Президент Садыр Жапаров 2024-жылдын 31-декабрында Автотранспорт каражаттарын мыйзамдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө жарлыкка кол койду. Эми мыйзамдаштыруу иштери 3 этап менен жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66-71-беренелерине ылайык токтом:
1. Министрлер кабинети:
1) Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген чет мамлекеттердин мамлекеттик каттоо белгилери бар жеке жактардын автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу жол-жобосун эки айлык мөөнөттө жөнгө салсын жана тиешелүү чечим кабыл алсын;
2) чечимдин долбоору менен алты айлык мөөнөттө легалдаштыруу жол-жобосун 3 этап менен жөнгө салсын:
- 1-этап — укук белгилөөчү документтери бар автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу;
- 2-этап — укук белгилөөчү документтери жок, талаптагыдай техникалык абалдагы автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу;
- 3-этап — укук белгилөөчү документтерсиз автотранспорт каражаттарынын ээлерине ээликтен ажыратууга мүмкүндүк берүү (запастык бөлүктөргө сатуу, өлкөдөн ташып чыгуу, утилдештирүү ж.б.);
3) Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген автотранспорт каражаттарын алгачкы каттоо эрежелерин жана шарттарын, алгачкы каттоо үчүн жыйымдын ставкасынын өлчөмүн жана колдонуу мөөнөтүн иштеп чыксын жана бекитсин;
4) автотранспорт каражаттарын кайра ташып чыгуу жөнүндө милдеттенме менен чет мамлекеттердин жарандарынын башкаруусундагы автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү жана жүрүү мөөнөттөрүн контролдоо тартибин иштеп чыксын жана колдонууга киргизсин, ошондой эле мындай автотранспорт каражаттарына ээлик кылууга укук белгилөөчү документтерсиз Кыргыз Республикасынын жарандарынын башкаруусунда чет өлкөлүк каттоо белгилери бар автотранспорт каражаттарынын кирүүсүнө тыюу салсын;
5) ушул жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
2. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы Евразия экономикалык бирлигинин ички чек араларында жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Евразия экономикалык бирлигинин тышкы чек араларында автотранспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып келүүгө бөгөт коюу, аныктоо жана алдын алуу боюнча иш-чараларды аткарууга алсын.
3. Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын жарандарынын башкаруусундагы чет өлкөлүк каттоо белгилери бар автотранспорт каражаттарын табууга көмөк көрсөтсүн.
4. Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди ишке ашыруунун алкагында ташылып келгендерди кошпогондо, автотранспорт каражаттарынын кузовдорун ташып келүүгө убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин токтомунун долбоорун иштеп чыксын.
5. Бул жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөө Президенттин администрациясынын Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
11-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Абхазия жана Армениядан алынып келген унааларды мыйзамдаштыруу боюнча пикирин билдирген.
«15 миңдей унаа экен. Алардын баары мыйзамсыз алынып келген. Унаа тетиги катары алып келишкен. Башы бир унааныкы, ортосу экинчиники, аягы башканыкы. 90 пайызынын документи жок.
Булар өкмөт баары бир мыйзамдаштырып берет деп жатышат. Мен тапшырма бердим, мыйзамсыз алынып келген унаа көчөдө жүрбөшү керек. Себеби, ошолор такси болуп, канчалаган адамдардын өмүрүн алып, ден соолугуна зыян келтирип жатат.
Шашпаш керек. Биз аларды этап-этап менен мыйзамдаштырабыз. 1-этабында кандайдыр бир документи барларды карап чыгалы деп жатабыз. Эч кандай документи жок эле мыйзамдаштырып бер дешет. Кантип мыйзамдаштырабыз?
Экинчиден, техникалык абалы жакшыларын комиссия менен карап чыгабыз.
Анан мыйзамдашпай тургандары да бар. Аларды же тооккана кылышат же кайра алып чыгып кетишет… Мен мыйзамды буза албайм.
Бажы кызматы "растаможкага" 5 миңден 12 миңге чейин төлөш керек деп жатышат. Макул, аны эптеп кыскарталы. Бирок талкаланган унаалар бар. Аларды мыйзамдаштыра албайбыз», - деген Ташиев.