12:33, 13-январь, 2025

Лазат Нуркожоеванын колун сураган Автандил Сабырбековдун соту 11-январда башталат

На русском
11:06, 10-январь, 2025 592

АКИpress -  Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 9-январда Автандил жана Тариэл Сабырбековдордун иши боюнча алдын ала угуу өттү. Биринчи соттук отурум 11-январда өтө турганын «Сводка АКИpress» редакциясына райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Сабырбековдор 2024-жылдын 3-июлунда кармалган. Иш КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин аңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) 3-бөлүгү менен козголгон.

А.Сабырбеков 24-июнда «Кыргызстан сулуусу-2020» сынагынын жеңүүчүсү Лазат Нуркожоеванын (учурда 24 жашта) колун сураган болчу. Лазат Нуркожоева — президенттин бир тууган иниси Дөөлөтбек (Давлетбек) Жапаровдун кызы.

Бул окуядан кийин президент Садыр Жапаров талкууга алынып жаткан карындашы Лазат Нуркожоевага байланыштуу пикирин айткан.

Андан кийин президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Сабырбековдун башкы максаты өзүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерин жашыруу үчүн бийликтегилерден калкалоочу адамдарды («крыша») табуу болгонун билдирген.

Пикирлер