Камчыбек Ташиев Испанияга барды
На русскомАКИpress - Кыргызстандын футбол боюнча 20 жашка чейинки спортчуларынын курама командасы Испаниядагы машыгууда биринчи контролдук беттешин өткөрдү.
Сергей Пучков жетектеген команда Азия кубогуна даярдануунун алкагында Аликанте шаарында машыгууда. Азия кубогу февраль айында Кытайда өтөт.
9-январда кыргызстандыктар Испания чемпионатынын үчүнчү дивизионунда ойногон «Картахена» клубунун жаштар курама командасы менен беттешти. Ага Кыргыз футбол биримдигинин президенти катары Камчыбек Ташиев күбө болду.
Оюн Кыргызстан курама командасынын пайдасына 5:0 эсебинде аяктады.
Посмотреть эту публикацию в Instagram