13:48, 13-январь, 2025

Камчыбек Ташиев Испанияга барды

На русском
10:15, 10-январь, 2025 19348

АКИpress -  Кыргызстандын футбол боюнча 20 жашка чейинки спортчуларынын курама командасы Испаниядагы машыгууда биринчи контролдук беттешин өткөрдү.

Сергей Пучков жетектеген команда Азия кубогуна даярдануунун алкагында Аликанте шаарында машыгууда. Азия кубогу февраль айында Кытайда өтөт.

9-январда кыргызстандыктар Испания чемпионатынын үчүнчү дивизионунда ойногон «Картахена» клубунун жаштар курама командасы менен беттешти. Ага Кыргыз футбол биримдигинин президенти катары Камчыбек Ташиев күбө болду.

Оюн Кыргызстан курама командасынын пайдасына 5:0 эсебинде аяктады.

12-январда жана 16-январда Кыргызстандын курама командасы Испанияда дагы 2 беттеш өткөрөт.

Кыргызстандын жаштар курама командасында Ташиевдин уулу Эмир-Хан Кыдыршаев ойнойт. Ал — команданын капитаны.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от 🇰🇬 Kyrgyz Republic National football team (@kyrgyzkurama)

Пикирлер