17:52, 11-февраль, 2025

Москвага учар алдында Кыргызстанда эле «Сбер» картасына буйрутма бериңиз

На русском
12:09, 4-декабрь, 2024 529

АКИpress -  Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн жаңы кызмат: сиз «Сбер» картасын «Сбердин» өнөктөшү болгон мекемеден алдын ала тариздеп, андан кийин Москвадагы өзүңүз тандаган «Сбердин» кардарларды тейлөө кеңсесинен ала аласыз.

Эми Москвага барууну пландаган Каргыз Республикасынын жарандары өз банктарына «Сбербанк» картасын алуу үчүн кайрыла алышат. Бул үчүн сиз банкыңызга кайрылып, өзүңүз жөнүндө минималдуу маалымат берип, Москвадагы «Сбербанктын» кайсы филиалы картаны алуу үчүн ыңгайлуу болорун тандап алышыңыз керек. «Сбер» өнөктөш банкка карта даяр экендигин билдирет, андан кийин кардар «Сбердин» тандалган кеңсесине барып, идентификациядан өтүп, банктык тейлөө келишимин түзүп, эсеп ачып, картаны алышы керек.

«Сбер» картасы көптөгөн артыкчылыктарга ээ. Карта чыгарылган айда жана андан кийинки 3 айда сиз картаны тейлөө үчүн акы төлөбөйсүз, андан кийин айына сатып алуулар үчүн 5 миң рублдан жогору төлөсөңүз же эмгек акы алсаңыз, картаны бекер колдоно аласыз. Мындай картадан сиз банкоматтардан жана «Сбер» кассаларынан күнүнө комиссиясыз 300 миң рублга чейин алып, өз өлкөңүзгө акча которо аласыз (комиссия 1%дан ашпайт).

Ошентип «Сбер» кеңсесине бир жолу баруу менен кардар эң маанилүү банктык кызматтарды алат: Россияда иштөө үчүн патенттерди төлөөгө, жакындарына акча которууга, депозиттерди ачууга, накталай акча алууга болот жана башка.

«Сбердин» өнөктөштөрүнүн тизмеси менен «Сбердин» сайтынан таанышууга болот.

Пикирлер