08:34, 13-март, 2026

Сыр ачыкталды: «ENESAI Development» жабык бет ачарын өткөрүп, компаниянын долбоору менен тааныштырды

На русском
21:57, 17-ноябрь, 2024 893

АКИpress - Эки жарым айдан бери шаар тургундары жана социалдык тармактын колдонуучулары enesai.kg Инстаграм баракчасындагы жарнаманы байкап жүрүшкөн, бирок анда компаниянын так ишмердүүлүгү айтылган эмес. 2024-жылдын 16-ноябрында «ENESAI Development» компаниясы өзүнүн алгачкы долбоору болгон — «ENESAI» турак жай комплексин тааныштырып, жабык бет ачарын өткөрдү.

Иш-чара турак жай тармагынын өкүлдөрүнөн, өнөктөштөрдөн жана уникалдуу долбоор менен алгачкылардан болуп таанышкысы келген 200дөн ашуун конокторду камтыган. Жабык бет ачарда жаңы премиум класстагы долбоордун ыңгайлуулук жана коопсуздук камсыз кылган архитектуралык чечимдери тартууланды.

Кече Борбор Азиядагы эң чоң макеттердин катарындагы “ENESAI” турак жай комплексинин үлгүсүн тааныштыруу менен башталган. Анда “ENESAI” командасы жаңы турак жай комплекси менен кенен тааныштырып, компаниянын негиздөөчүлөрү жана топ менеджмент өз ойлору менен бөлүштү. Ошондой эле сатуулар старт алганы расмий түрдө жарыяланды. Иш-чаранын соңунда “Элес” тобунан жандуу ырлар тартууланып, коноктор үчүн 1 000 000 сом жана башка баалуу белектер менен лоторея ойнотулду.

“ENESAI” турак жай комплекси 24 жана 26 кабаттуу эки мунара, ошондой эле 14 кабаттуу беш имаратты камтыйт. Жалпы жер аянты 2,8 гектарды түзөт, анын 1,2 гектары короо жай үчүн каралган. Жер астында эки жана үч деңгээлдүү 700 орундуу унаа токтотуучу жай түзүлөрү айтылды. Комплекс 60 метр бийиктикте мунараларды бириктирген 15-кабаттагы кышкы бакча көпүрөнү жана заманбап бизнес-борборду камтыйт.

«ENESAI Development» компаниясы ыңгайлуулукка, гармония жана уникалдуулукка толгон жашоо чөйрөсүн түзүп, курулуш тармагында жаңы стандарттарды орнотууну убада кылат.

Толугураак маалымат алууну кааласаңыз, төмөнкү байланыш номерлери сизди күтүүдө:

Телефон: +996 888 000 000

Дарек: Бишкек ш., Чыңгыз Айтматов пр., 243, 10-кабат

Иш убактысы:

Дүйшөмбү-Жума: 09:00-18:00

Ишемби: 10:00-16:00

Сайт: www.enesai.kg

Instagram: enesai.kg

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»