Жогорку Кеңештин 5 депутаты Кореяга барды
На русскомАКИpress - Бүгүн, 12-августта Сеул шаарында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев баштаган депутаттар Корея Республикасынын Улуттук ассамблеясынын вице-спикери Жу Хоенг менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, анын ичинде парламенттер аралык байланыш талкууланды.
«Кыргыз-корей мамилесинин оң динамикасын белгилегим келет. Биз кызматташтыктын саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарында бир топ ийгиликтерге жетиштик», - деди Нурланбек Азыгалиев жана авиакаттамдын ачылышы эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын жаркын жетишкендиги болуп саналарын кошумчалады.
Ал Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы маданий-гуманитардык мамилелерди өнүктүрүүгө жол ачкан Кыргызстандын жарандары үчүн виза режимин жөнөкөйлөтүү маселесин козгоду.
Мындан тышкары Кыргызстандын парламенти эки өлкөнүн мыйзам чыгаруу органдарынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жана бекемдөө үчүн мындан ары да күч-аракетин жумшоого даяр экендигин билдирди.
Бул контекстте 2023-жылы Сеул шаарында өткөн Борбордук Азия+Корея Республикасынын спикерлеринин биринчи кеңешмеси кызматташтыкты бекемдөөгө негиз салгандыгын айтты. Быйыл Түркмөнстанда спикерлердин экинчи жыйыны өтөрү күтүлүүдө.
Өз кезегинде Жу Хоенг эки тараптуу байланыштар жыл сайын бекемделип жатканын айтып, мындан ары да эки өлкө ортосундагы достук мамилени чыңдоо керектигин кошумчалады.
«Кореянын парламенти да эки өлкөнүн гүлдөп өсүшү үчүн корей-кыргыз парламенттер аралык алакасын арттырууга даяр», - деди ал.
Ошондой эле тараптар Корея эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) менен кызматташуунун алкагында, анын ичинде санариптештирүү багытында эки тараптуу долбоорлорду талкуулашты.
Андан соң Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Корея Республикасынын Улуттук ассамблеясынын пленардык жыйындар залы менен таанышып, Корея парламентинин музейине барышты.
Иш сапар «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин санариптештирүү» долбоорун ишке ашыруунун алкагында корея тараптын чакыруусу боюнча уюштурулган. Делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Чолпон Султанбекова, Лейла Лурова, Айбек Маткеримов, Советбек Рустамбек уулу бар.