АКИpress - Франциянын Париж шаарында 33-Олимпиада оюндары уланып жатат. Оюндардын алгачкы күндөрүндө коңшу Казакстан менен Өзбекстандын дзюдочулары өлкө тарыхын жаратышты.
Казакстандык дзюдочу Елдос Сметов (60 кг, 31 жашта) 2016-жылы Рио-де-Жанейродогу Олимпиада оюндарында күмүш медаль утса, 2020-жылы Токиодо коло медаль тагынган. Ал Парижде алтын медаль утту.
Казакстандын мыйзамына ылайык Олимпиаданын чемпиону 250 000 доллар, күмүш медалдын ээси 150 000 доллар, коло медаль уткан спортчу 75 000 доллар акчалай сыйлык менен сыйланат.
Өзбекстандын дзюдочу кызы Диера Келдиерова (52 кг чейин, 26 жашта) 28-июнда алтын медаль утту. Ал мындай жеңиши менен Өзбекстандан Олимпиаданын чемпиону аталган алгачкы спортчу кыз болуп калды.
Өзбекстан Париж Олимпиадасынан алтын медаль уткан спортчуларына 200 000 доллар, күмүш медалдын ээлерине 100 000 доллар, коло медалдын ээлерине 50 000 доллар сый акы берүүнү убадалаган.
26-июлда башталган Олимпиада оюндары 11-августка чейин уланат. Парижге Кыргызстандан жолдомо алган 16 спортчу жөнөп кетти. Азырынча кыргызстандык спортчулар медаль тагына элек.