АКИpress - Акыйкатчынын орун басары Айчүрөк Назаралиева өлкөдө сексуалдык ыдык көрсөтүү болуп жатканына мамлекет көңүл бура баштаганын билдирди. Бул тууралуу ал коомдук транспорттогу коопсуздук көйгөйү боюнча «Коопсуз транспорт: куугунтукка каршы инновациялар» аттуу хакатондо сүйлөп жатып билдирди.
«Өлкөдө ыдык көрсөтүү бар экенине мамлекет акыры көңүл бура баштаганын белгилей кетүү керек. Менин 20 жылдан ашык юридикалык практикамда сексуалдык ыдык көрсөтүүгө байланыштуу соттун чечими же мамлекет, мамлекеттик уюмдар тарабынан кандайдыр бир реакция болгону эсимде жок», - деди ал.
Ал күн сайын балдар, аялдар, кыздар ыдык көрсөтүүгө кабылганын айтып арызданышарын кошумчалады. Анын айтымында, сексуалдык ыдык көрсөтүүнү далилдөө кыйын көрүнүш. «Ошондуктан ушундай аракеттерди жаза турган акылдуу камералар болсо абдан жакшы болмок. Сексуалдык ыдык көрсөтүү — ар бирибиздин кайдыгерлигибиздин кесепети. Анткени кайдыгерлик жазасыз калууга алып келүүдө», - деди акыйкатчынын орун басары.