21:52, 12-март, 2026

Эмгек министри коомдук транспортто ыдык көрсөтүүнү болтурбоо үчүн сунуштарды айтты

13:54, 3-май, 2024 314

АКИpress - Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова коомдук транспортто коопсуз шарттарды түзүү үчүн инновациялык технологияларды колдонуу маанилүү экенин билдирди. Ал бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан «Коопсуз транспорт – куугунтукка каршы инновация» хакатонунда белгиледи.

«Биз видеокөзөмөл тутумдарын ишке киргизүүнү, аялдамаларды жана коомдук транспорттун салондорун жарыктандырууну жакшыртууну, тез жардам чакыруу жана коопсуздук маселелерин билдирүү үчүн мобилдик тиркемелерди иштеп чыгууну колдойбуз. Зордук-зомбулук кырдаалында тез жардам чакыруу үчүн мобилдик тиркемени Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин карамагындагы "Балдар үчүн ишеним телефону" борборунун ишмердүүлүгүнө туташтыруу мүмкүнчүлүгүн кароого чакырабыз», - деди министр.

Ал ошондой эле коомдук транспорт кызматкерлерин зомбулукка жана ыдык көрсөтүүгө каршы күрөшүү багытында окутуу зарылдыгын белгиледи.

«Коомдук транспорттун бардык кызматкерлери мындай кырдаалдарга натыйжалуу жооп кайтарууну жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун сактоону билиши керек. Биз ар бир жүргүнчү өзүн корголгон сезиш үчүн механизмдерди түзүшүбүз керек», - деп белгиледи Г.Баатырова.

Иш-чара Бишкек шаары боюнча сексуалдык ыдык көрсөтүүлөрдү болтурбоо жана аялдар менен кыздарды коомдук транспортто коопсуз ташууну камсыз кылуу үчүн чечимдерди иштеп чыгуу максатында «Баланын укугун коргоочулар лигасы» коомдук фонду менен биргеликте уюштурулду.

Хакатондун алкагында аялдарга жана кыздарга карата куугунтуктоо маселелерин эске алуу менен коомдук транспортто коопсуздукту камсыз кылууга багытталган долбоорлор иштелип чыгат. Инновациялык чечимдерди иштеп чыгууга 100дөн ашык адам катышат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»