Видео — Кыргызча сүйлөгөн моңголиялык кыздар менен маек
На русском
АКИpress - Кыргызстандан жогорку билим алып жаткан чет өлкөлүк студенттердин арасында Баянтуул Мэндсайхан, Анундарь Цогтсайхан жана Айгерим Сэтеер бар. Учурда алар Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенттери.
Моңгол жеринде өскөн кыздар Бишкекке көнүп, кыргыз тилинде эркин да сүйлөп калышкан. «АКИpress» чет өлкөлүк меймандар менен маектешип, алардын Кыргызстандагы жашоо, турмуш, жаратылышы, кыргыз элинин маданияты, тили жана ашканасы тууралуу пикирин укту.
- Саламатсыздарбы, менин атым Баянтуул Мэндсайхан. Мен азыр Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде окуп жатам. Окуу жайда даярдоо курсу бар, ал жерден кыргыз тилин үйрөндүм. Жакшы сүйлөйм деп айта албайм, бирок суроолорду түшүнүп, кайра жооп бере алам. Кыргызстанга 2 жыл мурда келгем. Тааныш байкем Кыргызстанга келип окусаң болот деп айткан.
- Саламатсыздарбы менин атым Анундарь Цогтсайхан, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин даярдоо курсунда окуйм.
- Менин атым Айгерим Сэтеер. Мен да аталган университеттин Экономика жана башкаруу факультетинин менеджмент бөлүмүндө 1-курсунда окуйм.
Кыргызстанга келгендеги алгачкы сезимдер, кыргыз тили тууралуу
Баянтуул: - Мурда Кыргызстан жөнүндө эч нерсе билчү эмесмин. Келгенден кийин тил үйрөндүм, адамдарын тааныдым. Мен Улан-Батор шаарынанмын. Ал жер аябай кооз. Анан Бишкекти да кооз болсо керек деп ойлоп келсем эле тоолор көп экен. Башка жерге келип калдымбы деп ойлодум. Адамдары аябай жакшы, эмгекчил экен. Кыргыз жаштары көп тил билет экен. Кыздары сулуу, таза, тыкан, мүнөздөрү назик экен. Бирок кыргызча кайрылганымда көбү орусча сүйлөшөт экен, мени ушул нерсе таң калтырды.
Анундарь: - Кыргызстанга 1,5 жыл мурда келдим. Менин оюмча кыргыздар менен моңголдордун окшош тараптары көп.
Айгерим: - Кыргызстанга 2022-жылы келгем. Кыргыздар мага жакын сезилди. Моңголдор менен окшоштуктары бар. Жатаканадагы коңшуларым менен жакшы мамиледемин. Тилден кыйналып, жардам керек болуп турган кезде кол сунуп турушат.
Ашканадагы окшоштуктар тууралуу
Баянтуул: - Кыргызстанга алгач келгенимде тамактарында эт жана май көп экенин байкадым. Моңголияда мөмө-жемишти көп жейбиз. Башында тамактан бир аз кыйналып жүрдүм. Кийин бешбармак жедим, мурда мындай тамак жеп көрбөгөнүм үчүн аябай жакты. Эт колдонулганы үчүн тамактарыбыз окшошуп кетет.
Анундарь: - Кыргыз тамактарынан манты жакты. Бирок аны жасаганды үйрөнө элекмин.
Айгерим: - Негизинен тамактар окшош эле. Бирок бул жакта мантыга пияз көп кошулат экен.
Кыргыз маданияты тууралуу
Баянтуул: - Бир жолу үйлөнүү тойго бардым. Ал жерде улуу адамдар да, жаштар да бийлеп, ырдап, бири-бирине жакшы тилектерди айтышты. Конокко барсаң дасторконду толтуруп, ич, же дей бергендери жакты.
Анундарь: - Мага кыргыз ырлары, өзгөчө Мирбек Атабековдун ырлары жакты.
Айгерим: - Мен өзүм бийлегенди жакшы көрөм. Кыргыз бийи, ага кийилчү кийимдер, зер буюмдар кооз экен.
Кыргызстандын жаратылышы тууралуу
Баянтуул: - Моңголияда деле тоолор бар, бирок Кыргызстандын тоолору өтө кооз. Ала-Арчага барганда бийик тоолорго суктандым. Ысык-Көлгө 2 жолу бардым. Эми жайында да барсамбы деп турам. Анын суусу туптунук экен. Бирок эс алуу жайларынын шарттары начар, таза эместиги жаккан жок (мейманканалар тууралуу). Анан Алматы шаарын көрүп келдим.
Анундарь: - Мен да Ысык-Көлгө барып көрдүм. Эс алып барган жерлерде мен өз тилимде сүйлөсөм адамдар күлүшөт. Бул мен үчүн бир аз кыйынчылык туудурат.
Улуттук кийимдери тууралуу
Баянтуул: - Үстүбүздөгү көйнөк моңголдордун улуттук кийимдеринин бир түрү. Бирок Моңголияда улуттук кийимдер маанилүү күндөрү гана кийилет.
Анундарь: - Менин үстүмдөгү бул кийимимди апам тигип берген.
Айгерим: - Моңголияда суук аба ырайы үстөмдүк кылгандыктан шамал урбашы үчүн кийимдин жакасы жабык жасалган. Этеги эркектердики жана аялдардыкы да узун болуп, эки тарабында тилик болот. Бул атка мингенге оңой болушу үчүн.
Моңголиядагы этникалык казактар тууралуу
Айгерим: - Менин улутум казак, Моңголияда төрөлгөм. Кыргызча менен казакча аябай окшош. Ата-энем Ховд шаарында турушат. Моңголияда 150 миңдей казак бар. Баян-Өлгий шаарынын калкынын 96%ы казактар, калганы моңголдор. Ал шаарда казак тилдүү мектептер бар, андагы моңголдор казакча билишет. Этникалык казактар азыркыга чейин маданиятын сактап келе жатат.
Ал эми сиз айтып жаткан Баян-Өлгийдеги этникалык кыргыздар тууралуу билбейт экенмин.
Студенттердин бир күнү
Баянтуул: - Сабагым түштөн кийин башталат. Бош убагымда бийге барам, тааныштарым менен пикир алышып, кыргызчамды дагы да жакшыртууга аракет кылам.
Анундарь: - Мен эртең менен окуймун. Сабактан кийин түшкө маал бийге барып, анан баскетбол ойнойм.
Айгерим: - Мен сабактан тышкаркы убактымды тайпалаштарым менен пайдалуу өткөрөм. Университетте ар бир улуттун өз клубу бар. Анын алкагында иш-чараларды даярдайбыз.
Университетти аяктагандан кийинки план
Баянтуул: - Жайында үчөөбүз тең Түркияга барып, иштөө менен бирге алардын маданияты менен жеринде таанышып келебиз деп пландап жатабыз.
Окууну бүткөндөн кийин жасай турчу так планым жок. Бул жерде да иштеп калышым мүмкүн же дагы башка өлкөгө чыгышым мүмкүн.
Анундарь: - Мен окуумду башка өлкөдө улантам.
Айгерим: - Мен дагы магистратураны чет өлкөдөн окусам дейм.
Моңголияга салам
Баянтуул: - Моңголиядагы апам, анан 4 эжем бар. Аябай сагынып жатам, жакында Моңголияга барам деп ойлойм. Мен жакшы жүрөм, ушул жерде.
Анундарь: - Моңголияда менин үй-бүлөм бар. Мен да аябай сагынып жатам. Мен сиздерди сүйөм.
Айгерим: - Моңголияда ата-апам, байке, эжелерим, үй-бүлөм бардыгы жашайт. Мени дайыма колдогонуңуздар үчүн, мени дайыма жакшы көргөнүңүздөр үчүн чоң ыраазычылык билдирем. Сиздерди аябай сагындым. Жакында жолугабыз.
Буга чейин АКИpress Баян-Өлгий аймагындагы өзүн кыргызбыз деп атаган жашоочулардын жашоо турмушу тууралуу кенен маалыматтарды жарыялаган.
Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»