Декабрь айындагы аба ырайынын болжолу
На русском
АКИpress - Кыргызгидромет декабрь айында Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында абанын температурасы түнкүсүн +3° жылуу…-2° сууктан -4…-9º суукка чейин, күндүз -2° суук…+3° жылуулуктан, 9…14° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн -10…-15° суукка чейин, түндүгүндө -13…-18° суукка чейин, күндүз -3…-8° суукка чейин төмөндөшү мүмкүн.
Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн -3… -8° сууктан -11…-16° суукка чейин, күндүз -4° суук…+1° жылуулуктан, 2…7° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турат.
Талас облусунун дыйканчылык аймактарында абанын температурасы түнкүсүн +1° жылуу…-4° сууктан -5…-10° суукка чейин, күндүз -2° суук...+3° жылуулуктан 9…14° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Кээ бир күндөрү түнкүсүн -11…-16° суукка чейин, күндүз -3…-8° суукка чейин төмөндөшү мүмкүн. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.
Ош облусунун дыйканчылык аймактарында абанын температурасы түнкүсүн +4° жылуу…-1° сууктан -2…-7° суукка чейин, күндүз 1…6° жылуулуктан 11…16° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +3°жылуу …-2° сууктан -3…-8° суукка чейин өзгөрүлүп турат. Айрым түндөрү -9…-14° суукка чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз -1° суук…+4° жылуулуктан 9…14° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында абанын температурасы түнкүсүн +4° жылуу…-1° сууктан -2…-7° суукка чейин, күндүз 1…6° жылуулуктан 11…16° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +3° жылуу …-2° сууктан -3…-8° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Айрым түндөрү -9…-14° суукка чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз -1° суук…+4° жылуулуктан 9…14° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Токтогул районунда ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3° суук …+2º жылуулуктан -5…-10º суукка чейин, күндүз -1° суук…+4° жылуулуктан 5…10° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында абанын температурасы түнкүсүн +4° жылуу…-1° сууктан -2…-7° суукка чейин, күндүз 1…6° жылуулуктан 11…16° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +3° жылуу …-2° сууктан -3…-8° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт, кээ бир түндөрү -9…-14° суукка чейин төмөндөшү мүмкүн.
Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында абанын температурасы түнкүсүн +1° жылуу…-4° сууктан -5…-10° суукка чейин өзгөрүлүп турушу, чыгышында -9…-14° суукка чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз 0…-5° сууктан 3…8° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында абанын температурасы түнкүсүн -4…-9° сууктан -10…-15° суукка чейин, күндүз 0…5° жылуулуктан -2…-7° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Кээ бир күндөрү түнкүсүн - 18…-23° суукка чейин, күндүз -10…-15° суукка чейин төмөндөшү мүмкүн. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.
Алай өрөөнүндө абанын температурасы түнкүсүн -9…-14° сууктан -16…-21° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт, кээ бир түндөрү -22…-27° суукка чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз 0…- 5° сууктан -7…-12° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Чаткал өрөөнүндө абанын температурасы түнкүсүн -3…-8° сууктан -10…-15° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт, кээ бир түндөрү -19…-24° суукка чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз -4…-9° сууктан -1°… суук +4° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Суусамыр өрөөнүндө абанын температурасы түнкүсүн -10…-15° сууктан -19…-24° суукка чейин, кээ бир түндөрү түнкүсүн -26…-31° суукка чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз -2…-7° сууктан -10…-15° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.