АКИpress - «Бест Вей Элет» коммерциялык эмес кооперативи өлкөнүн бардык жарандары үчүн турак жай сатып алуунун жеткиликтүү жолун сунуштайт
Турак жай проблемасы Кыргызстан үчүн эң олуттуу көйгөй болуп келүүдө
Өлкөнүн калкынын саны өсүүдө, өзгөчө шаар калкы (ички миграция). Өлкөдө турак-жай тартыштыгы күч алууда. БУУнун стандарттары боюнча бир кишиге 30 чарчы метр, ал эми Советтер союзунда калыптанып калган, бүгүнкү күндө мамлекеттик стандарт болуп саналган стандарттар боюнча бир жаранга 18 чарчы метр болушу керек. Кыргызстандын расмий маалыматы боюнча бүгүнкү күндө ар бир жаранга 12,5 чарчы метр туура келет. Ал эми бул көрсөткүч жылдан-жылга начарлап баратат, анткени Кыргызстанда турак жай бир канча чарчы метрге аз пайдаланууга берилип жатат. Кирешенин өсүү динамикасы кыймылсыз мүлккө болгон баанын өсүү динамикасынан кыйла төмөн.
Калктын муктаждыктарына карата бюджеттен бөлүнгөн мамлекеттик каражаттар бир канча эсе аз болууда. Калктын жылдык табигый өсүшү 127 миң адамды түзөт. Ошол эле убакта Кыргызстанда никеге тургандардын саны 2021-жылы 50 747 үй-бүлө болсо, 2022-жылы — 48 232. Ал эми 8 жылдын ичинде мамлекеттик ипотека аркылуу турак жайлуу болгон үй бүлөлөрдүн саны 8482ни түзөт, башкача айтканда жылына 1000ге жакын гана үй-бүлө мамлекеттин ресурсун пайдаланып турак жайлуу болууда. Ал эми 5 жылдын ичинде Кыргызстанда 237 736 жаңы үй-бүлө пайда болгон. Сиздин оюңузча бул үй-бүлөлөр турак жай менен камсыз болдубу? Ал эми азыркы турак жай баасынын өсүшүн жана элдин калыӊ катмарынын орто кирешесин эске алганда, турак жай маселесинин жакынкы келечекте чечилишин элестетүү кыйын.
Курулуш компаниялары аркылуу батир сатып алуу кирешеси жогору жарандарга гана жеткиликтүү
Кыймылсыз мүлктү үлүштүк курулуш шарттарында кирешеси жогору жарандар гана сатып ала алышат. Курулуш компанияларынан кыймылсыз мүлк сатып алууга мүмкүнчүлүгү бар жарандардын пайызы канча деп ойлойсуз? Жагдайыңызды баалаңыз. Мисалы, сиз өзүңүзгө 50 чарчы метр 2 бөлмөлүү батирди жаӊы салынуу стадиясында сатып алгыңыз келет. Орто эсеп менен батирдин 1 чарчы метри Бишкекте 80 000 сомду түзөт, демек 50 чарчы метр 4 000 000 сомду түзөт. Ошол эле учурда 30% баштапкы төлөм шыр төлөнүшү керек, бул 1 200 000 сомду түзөт. Калган сумма мүлк толугу менен бүткүчө 36 айга бөлүнүп берилип, ай сайын 77 777 сом болуп чыгат (4 000 000 сом – 1 200 000 сом = 3 024 000 / 36 ай = 77 777 сом). Андан кийин батирди толук ремонту менен бүтүрүү үчүн 1 000 000 сомдун тегерегинде керектелет. Жыйынтыгында батирге 5 000 000 сом сарпталат. Эми сурооңузга жооп бериңиз: баштапкы төлөмгө 1 200 000 сом өлчөмүндө акча топтооңуз барбы? Бар болгон күндө да, 36 ай бою 77 777 сомдон ай сайын төлөөгө жана андан кийин 1 миллионго ремонт кылууга чамаӊыз келеби?
Коммерциялык банктардын ипотекалык продуктылары кирешеси жогору жарандардын чектелген санына гана жеткиликтүү
Мисалы, сиз ошол эле 50 чарчы метр 2 бөлмөлүү батирди сатып алууну чечтиңиз. 5 000 000 сомго ремонттолгон жаңы үйдө. Сизде турак жайдын баасынын 24% өлчөмүндө 1 200 000 сом өлчөмүндөгү баштапкы төлөмүңүз бар болуусу зарыл. Анда банк 5 жылга 3 800 000 сом кредит берет (көпчүлүк коммерциялык банктар 60 айга чейин гана ипотека беришет, орточо пайыздык чен 21-24% түзөт). Анда сиздин 60 айлык төлөмүӊүз болжол менен айына 96 500 сомду түзөт. Натыйжада 5 жылдын ичинде банкка үстөк пайызы менен бирге 6 120 000 сом төлөйсүз. Натыйжада өз салымыңыз менен бирге батир сизге 6 990 000 сомго турат. 5 жылдын ичинде үстөк пайыз боюнча банкка ашыкча төлөм 2 миллион сомго жакын сумманы түзөт. Эми өзүңүзгө жооп бериңиз, банкка 5 жыл бою ай сайын 96 500 сом төлөөгө даяр экениңизди далилдей аласызбы? Насыя берүү жөнүндө чечим кабыл алуудан мурун кредиттик адис сиздин бир айлык кирешеңиз чыгашаңыздан 96 500 сомго көп экенин текшериши керек.
Ошентип, Кыргызстандын карапайым жараны үчүн рынокто сунуш кылынган турак жайды сатып алуу ыкмалары жеткиликсиз бойдон калууда, ал эми мамлекеттик ресурстар бюджеттик чектөөлөрдөн улам жарандардын муктаждыктарына он эселеп жетишсиз.
«Бест Вей Элет» коммерциялык эмес кооперативи сизге турак жай сатып алуунун кандай жеткиликтүү жолун сунуштай алат?
Алгачкы кадам: Кооперативге катталып, сатып алына турган турак жайдын наркына жараша 99000 сомдон 198000 сомго чейин кооперативдин өнүктүрүү фондуна бир жолку кирүү акысын төлөйбүз.
Экинчи кадам: Турак жай сатып алуу үчүн кезекке туруу үчүн пайлык салым 350 000 сомду түзөт жана бир айлык мүчөлүк акы 2000 сом.
Эгерде сизде 350 000 сом азырынча болбосо, ай сайын 15 000 сомдон кем эмес пайлык салым + 2 000 сом мүчөлүк акы төгүп, 12 айдан кем эмес кезекке турбастан топтоо программасына катыша аласыз. Топтоо программасы сизге кандай артыкчылыктарды берет? 13-айдан баштап сиздин ай сайын төккөн мүчөлук акыӊыз 2000 сомдун ордуна 1000 сом болот да, 50%га кыскарат. Эмне үчүн кооператив сизге мүчөлүк акынын 50% кыскартат? Анткени сиз топтоо программасында туруп, сиз кезекте тургандарга турак жай алууга жардам бересиз, бир жагынан өзүӊүзгө пайда, экинчи жагынан сооптуу да иш жасайсыз. Топтоо программасына канчалык көп мүчө катышса, кезек ошончолук тездик менен жылат.
180 000 сом + 12 000 сом программасы. Эгерде сиз 12 ай кезекке турбастан 180 000 сом пайлык салым + 12 000 сом (12 айга 1 000 сом айлык мүчөлүк төлөм толук) пайлык салым кошсоңуз, анда сиздин мүчөлүк төлөмүңүз дароо 1000 сомго айланат. Бул программа да мүчөлүк акыны 50%га кыскартууга натыйжалуу жол.
Үчүнчү кадам: 350 000 сом төгүп үй алуу кезегине тургандан кийин, сиз үйдүн баасына жараша ай сайын минималдык пайлык салым төгүү менен кезек менен жыла бересиз. Мисалы, ошол эле 5 000 000 сомго үй алам десеӊиз айына 40 000 сомдон кем эмес пайлык салым жасап турасыз. Сиз 35 ай бою 40 000 сомдон төккөндө 5 000 000 сомдун 35%ын топтогон болосуз (350 000 + (40 000*35)=1 750 000 сом) жана биздин экономикалык модельдин эсеби боюнча болжолдуу 35 айда +- сиздин кезегиӊиз дагы жетип келип калат (канчалык пайщиктердин саны өскөн сайын кезек кыскарат) жана кооператив сизге калган 3 250 000 сомду кошуп 5 млн сомго сиз өзүӊүз тандаган батирди же үйдү алып берет. Андан кийин кооператив кошкон сумманы сиз 120 айга бөлүп, айына 27 083 сом + 2000 сомдон (мүчөлүк акы) төлөйсүз, жалпы ай сайын төлөм 29 083 сомду түзөт. Турак жайдын баасына жараша айына канчадан пайлык төлөм топтоо керектигин жана кезек келип турак жай алгандан кийин канчадан төлөө керектигин төмөндөгү жөнөкөйлөштүрүлгөн таблицадан көрсөӊүздөр болот:
Жыйынтыгында «Бест Вэй Элет» кооперативи аркылуу турак жай алуунун бир топ артыкчылыктары бар. Биринчиден, турак жай алуу үчүн сиз 3 жыл аралыгында, ала турган турак жайдын 35% гана топтойсуз. Топтоо үчүн жетиштүү убагыӊыз да бар, убакыт өткөн сайын кезегиӊиз да жыла берет. Экинчиден, кезегиӊиз келгенде сиз өзүӊүз каалаган шаардан, өзүӊүз тандаган юридикалык экспертизадан өткөн даяр турак жайды сатып аласыз. Үчүнчүдөн, сиздин кооперативге катталганда кирүү акыӊыздан тышкары ай сайын төлөгөн мүчөлүк акыларды эсептегенде, жылына 0.5-1% дын тегерегинде үстөк пайыз төлөгөндөй болосуз, бул инфляциядан бир нече эсе аз жана коммерциялык ипотекага салыштырмалуу 24 эсе арзан. Төртүнчүдөн, сиз 35% ды топтоп, кезекте жылып турганча турак жайдын баасы кымбаттап туруусу мүмкүн, бирок турак жай алгандан кийин толугу менен пайлык төлөмдөрдү график менен төлөп буткүчө турак жайыӊыздын баасы эселеп өсөт, ошол эле маалда сиз график менен бекитилген сумманы гана төгүп узак мөөнөттө утушта болосуз.
«Бест Вей Элет» менен кыймылсыз мүлккө натыйжалуу инвестиция жасаса болот
«Бест Вей Элет» менен сиз өзүңүзгө гана турак жай сатып албастан, кыймылсыз мүлккө инвестиция жасоо мүмкүнчүлүгүӊүз дагы бар. Кооператив аркылуу кыймылсыз мүлк сатып алгандан кийин, сиздин ай сайын төлөнүүчү төлөмүңүз ошол кыймылсыз мүлктүн ижарасы менен бирдей болот. Башкача айтканда, кооперативден батирди же үйдү алгандан кийин, аны ижарага берүү менен сиз 7-10 жылдын ичинде мүлктүн баасын кайтарып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз, ошол эле маалда кыймылсыз мүлккө сиз анын баасынын 35% гана инвестиция жасайсыз. «БВ Элет» кооперативи менен белгилүү бизнес-тренер Роберт Кийосакинин кыймылсыз мүлккө инвестиция жасоо схемасын ишке ашырууга болот.
«БВ Элет» коммерциялык эмес кооперативинин экономикалык модели 5 жылдык ишмердүүлүгүнүн ичинде өзүнүн туруктуулугун көрсөтүп чыныгы социалдык инновация боло алды
«БВ Элет» коммерциялык эмес кооперативине быйыл 2023-жылы 5 жыл толду. Акыркы 2 жылдын ичинде рынокто кооперативдин атын пайдаланып, анын жакшы атын жана кадыр-баркын кетирген көптөгөн «турак жай кооперативдери» пайда болгонуна карабастан, кооператив чындыгында өзүнүн өнүгүүсүнүн туруктуу моделин көрсөттү.
«БВ Элет» коммерциялык эмес кооперативинде бардык мүчөлөр кооперативдин веб-сайтын колдонушат, анда ар кимдин жеке кабинети бар. Кооперативдин мүчөлөрү өздөрүнүн жеке кабинетинен кезегин, пайлык жана мүчөлүк салымдарын көзөмөлдөй алышат. Кооперативдин адистерине онлайн кайрылып иш кагаздарын жүргүзүп, документтер, юридикалык маселелер ж.б. суроолорду берип, 24 сааттын ичинде жооп ала алышат. Маселелердин 95%ы кооперативдин кеңсесине келбей, онлайн режиминде чечилет. Төлөмдөр банктык эсептер аркылуу гана жүргүзүлөт. Батир сатып алуу накталай эмес банктык которуулар аркылуу гана жүргүзүлөт. Кооперативдин ишинин жогорку ачык-айкындуулугунун жана санариптештирүүнүн бул модели өлкө боюнча 1 гана борбордук кеңсе кармоого мүмкүндүк берет, кооперативдин 7 гана кызматкери 1000ден ашуун мүчөнү тейлей алат.
«БВ Элет» коммерциялык эмес кооперативинде учурда 1100дөн ашык мүчө катталган. Анын ичинен 186сы кооператив сатып берген батирлер үчүн төлөп жаткандар, бешөөнүн кезеги келип калган, аларга жетиштүү каражат бар, батир тапса эле турак жайлуу болушат, 182си кезекте туруп топтоодо, 782си топтоо программасына катышууда. Топтоо программасына катышкандар кезекте тургандар үчүн турак жай сатып алуу үчүн пайлык фондго олуттуу ресурстардын агымын түзүүгө мүмкүнчүлүк берип, кезектин жылышын ылдамдатат.
«БВ Элет» коммерциялык эмес кооперативи аркылуу акыркы 5 жылдын ичинде 700 миллион сомго жакын суммага 224 батир сатылып алынган. 37 мүчө Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 251-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык мөөнөтүнөн мурда төлөшүп, турак жайга болгон менчик укугуна ээ болушту. Пай толук төлөнгөндөн кийин кооператив мүчөсүнө пайлык салымдар толугу менен төгүлгөндүгү жана кооперативдин алдында карызы жок экендиги жөнүндө күбөлүк берет. Кыймылсыз мүлктү мамлекеттик каттоо органы үчүн бул күбөлүк батирге менчик укугун кооперативдин мүчөсүнө толук өткөрүп берүү үчүн жетиштүү, анткени ошол эле каттоо органында катталган ижара келишиминин негизинде кооперативдин ордуна менчик ээси болуп калат. Ошентип, кооператив мыйзамдын шарттарын толук аткарат. Калган 186 кыймылсыз мүлк объектилери кооперативдин менчигинде болуп, кооперативдин бардык мүчөлөрүнүн пайлык салымдарын коргоп турат. Ошол эле маалда, батирлердин баланстык баасы 600 миллион сомго жакын болсо да, бүгүнкү күндө сатылып алынган квартиралардын рыноктук баасы азыртан эле 1 млрд сомдон жогору бааны түзөт. Акыркы 5 жылдын ичинде батирлердин баасы 60%дан ашык өскөн. Ошентип, кооперативдин бардык мучөлөрүнүн пайлык салымдары ашыкча деңгээлде корголгон.
«БВ Элет» коммерциялык эмес кооперативинде демократиялык контролдоо электрондук онлайн добуш берүү системасы аркылуу ишке ашырылат. Пайдын өлчөмүнө карабастан ар бир мүчө бир добушка ээ. Ай сайын дээрлик ар кандай маселелер, жеке онлайн эсептерди колдонуу, кооперативдин экономикалык модели, кооперативдин мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери, кооперативде иш кагаздарын жүргүзүү эрежелери жана башка маселелер боюнча окуулар өткөрүлөт. Атайын окуудан өткөн жана жеке ишкер статусуна ээ болгон активдүү мүчөлөр кооператив менен өзүнчө келишим түзүшөт. Ушундай жол менен кооператив кооперативдин өнүгүшүнө салым кошуп жаткан кооперативдин активдүү мүчөлөрүнө дем берип, иш менен камсыздайт. Бул принциптин аркасында кооператив Кыргызстандын бардык региондорунда кеңселерди кармоого чыгаша болбойт, кооперативдин ар бир активдүү мүчөсү өлкөнүн кайсы аймагында жайгашканына карабастан, кооперативдин мүчөлүгүнө талапкерлерди сапаттуу окутууну камсыздай алат.
«Бест Вей Элет» коммерциялык эмес кооперативи аркылуу турак жай алган 224 мүчөнүн кооперативдин 5 жылдык мааракесине арналган ак өргө той өткөрүлөт
2023-жылдын 30-сентябрында «Дасмия» комплексинде кооперативдин 5 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт. Салтанаттын уюштуруучулары — кооперативде турак-жай сатып алган 224 мүчөлөрүнөн турган уюштуруу комитети.
Салт боюнча кыргыздар бата алуу үчүн ак-өргө той жасашат. Кооператив бир ири ыктыярдуу бирикме болгондуктан, кооперативдин иш-аракетинин 5 жылынын ичинде 224 батир сатылып алынган. Бул иш-чара Кыргыз Республикасындагы уникалдуу окуя болот, бир эле салтанат менен 224 үй-бүлө ак өргө той өткөрүшөт.
Биз бул иш-чарага бардык кызыкдар тараптарды, кооперативдин ишмердүүлүгү менен жакындан таанышууга жана биздин кооператив аркылуу турак жай сатып алуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга чакырабыз. Билеттин баасы 2000 сом.
Билетти 25-сентябрга чейин сатып алуу керек. Билеттин номуру менен кооперативдин активдүү мүчөлөрүнүн атынан 2040 евролук кооперативге кирүүгө 5 сертификат ойнотулат.
Кооператив жөнүндө кошумча маалымат алуу учун телефон номуру: 0772 191 360.
Кооперативдин дареги: Бишкек шаары, К.Акиева көчөсү №95, "Атриум" бизнес борбору, №7/1 кеңсе.
Материал «Бест Вей Элет» коммерциялык эмес кооперативи тарабынан даярдалды