АКИpress - Кыргызстанда угуу боюнча майыптыгы бар адамдар жумушка орношууда туш болгон көйгөйлөр, дал ушундай дискриминацияны жеңүү тууралуу маселелер боюнча «Плюс» коомдук фонду тарабынан анализ жасалган.
Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген майыптыгы бар жарандар жумушка орношууда бир катар көйгөйлөргө жана чектөөлөргө туш болушат. Кыргыз Республикасынын Конституциясында жарандардын тең укуктуулугу каралса да, майыптыгы бар жарандардын укуктары чектелүү бойдон калууда. Алар дагы катардагы жарандардай эле максат коюп, максатына жетүү үчүн аракет кылышат.
«Плюс» коомдук фонду майыптыгы бар жарандар арасында жүргүзгөн иликтөөлөр учурунда төмөндөгүлөр аныкталган: алардын дагы башкалардай эле бала кезинде билим алууну улантып, мугалим, дарыгер, сүрөтчү, директор, бизнесмен, футболчу, программист, Олимпиада чемпиону болуу сыяктуу чоң максаттары болгон. Бирок ал максаттар жомоктогу кыялдай эле ишке ашкан эмес. Себеби биздин коомдо аларга карата кандайдыр бир басынтуулар, билим алууга тоскоолдуктар, алар үчүн түзүлгөн атайын шарттын жоктугу тоскоол болгонун иликтөө учурунда өздөрү айтып беришкен.
Кыргызстандагы угуу боюнча майыптыгы бар жарандар орто билимди атайын интернаттардан алышат. 9-классты аяктагандан кийин кесиптик лицейден улантышат. Бирок жогорку окуу жайларга бара алышпайт, себеби университетке тапшыруу үчүн жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы керек. Ал эми аларда жалпы республикалык тестирлөөгө катышууга мүмкүнчүлүгү жок. ЖРТ учурунда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга шарт түзүү каралган эмес.
Мына ушул жагдай мүмкүнчүлүгү чектелген, майыптыгы бар жарандардын жумушка орношуусуна, коомго аралашып кетүүсүнө чоң кедергисин тийгизүүдө. Жогорку билимдин жоктугунан алар квалификациясыз, айлык аз төлөнгөн жумуштарда иштөөгө аргасыз. Бирок көпчүлүк учурда алар эмгек акысы аз жумушка да орношо албай кыйналышат. Анткени кээ бир жумуш берүүчүлөр майыптыгы үчүн эле жумушка алууну каалабайт. Тилекке каршы мындан башка да тоскоолдуктар бар. Мисалы: бош жумуш орундары тууралуу маалыматтын жеткиликсиздиги, жумуш берүүчү тараптан түзүлгөн шарттардын жоктугу, чет тилин билбестик ж.б.
«Плюс» коомдук фонду жүргүзгөн анализге көз салсак, учурда жарандарды жумуш менен камсыздоо боюнча 50дөн ашык жеке агенттик иш жүргүзөт. Алар жыл ичинде жети миңден ашык адамды жумуш орундары менен камсыз кылган. Бирок алардын көпчүлүгү майыптыгы бар жарандар менен иш алып баруудан баш тартышат. Иликтөөгө катышкан майыптыгы бар жарандар жумуш менен камсыз кылуучу 15 жеке агенттикке кайрылып көрүшкөн. Алардын ичинен тогузу гана кызмат көрсөтүүгө даяр болушкан. Бирок алардын ичинен майыптыгы бар адамдарды жумушка орноштуруу боюнча төрт гана уюмдун иш тажрыйбасы болгон. Алар кара күч менен аткарылуучу жумуштарды гана сунушташты.
Бул анализ майыптыгы бар, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды жумушка орноштуруу, коопсуз миграция долбоорунун алкагында жүргүзүлдү. Бул долбоорду ишке ашыруу учурунда «Плюс» коомдук фонду Кыргызстанда биринчи жолу угуу боюнча майыптыгы бар жарандар үчүн республикалык жумуш орундар жармаңкесин уюштурду. Бул жармаңкеге Кыргызстанда аты белгилүү болгон бир нече компаниялар катышты. Алар: «Шоро», «Кока-Кола», «Нурзаман» курулуш компаниясы, Organik, Novotel, KFS, « Фрунзе» гипермаркети, «Презент» ж.б.
Аты аталган компаниялар угуу боюнча майыптыгы бар жарандарды жумуш орундары менен камсыз кылууга жардам берүүгө даяр экенин билдиришти. Долбоордун алкагында «Плюс» коомдук фонду угуу боюнча майыптыга бар 500дөн ашуун жаранга пайдалуу тренингдерди өткөрүп, адамдарды сатуунун алдын алуу үчүн коопсуз миграция, легалдуу жумуш орундары менен камсыз кылуу тууралуу жаңсоо тилинде бир катар видео-роликтерди тартып, коомчулукка жеткирди.
Мындан тышкары «Плюс» коомдук фонду «РПР Спарк» ЖЧКнын тигүү ишканасы менен бирдикте тигүү цехин ишке киргизди. Бул ишкана угуу боюнча майыптыгы бар жарандардын жигердүү эмгегинин натыйжасында ийгиликтүү иштеп жатат.
Долбоор мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды жумуш орундары менен эле камсыз кылбастан, каржы абалын жакшыртууга, коомдон өз ордун табууга көмөктөшүп жатат. Жогоруда аты аталган 8 кишиден турган бригаданын ийгилиги — майыптыгы бар адамдардын да ийгиликтүү иш алып бара аларын, коомго пайдасы тийип, алардын дагы башка адамдардай эле уникалдуулугун, жигердүүлүгүн далилдейт.
Бул долбоор USAID колдоосу жана Winrock International менен бирге «Борбордук Азиядагы коопсуз миграция» долбоору аркылуу ишке ашууда. Долбоордун негизги багыты — адамдарды сатууну алдын алып, кулчулукка кабылган курмандыктардын укугун коргоо.