14:18, 20-апрель, 2024

Бишкек прокуратурасы экономикалык кылмыштар, сотко чейинки өндүрүш маселелерин карады

15:05, 4-октябрь, 2022 988

АКИpress -  29-сентябрда Бишкек шаарынын прокуратурасы «Экономикалык кылмыштар боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүнүн тартиби, ишкерлердин жоопкерчилигинин түшүнүгү жана өзгөчөлүктөрү» деген темада семинар уюштурду. Ал Бишкек ШИИБнын тергөө, Бишкек шаарынын мамлекеттик салык инспекциясынын, Бишкек шаарынын Мамлекеттик архитектуралык курулуш контролдоо, Мамлекеттик санитардык-эпидемиология борборунун кызматкерлерине Экономика жана коммерция министрлигинин ишкердик чөйрөнү өнүктүрүү бөлүмүнүн адистери менен бирдикте өткөрүлдү.

  • 2022-жылдын 24-мартында «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын башкы прокурорунун төрагалыгы менен Башкы прокуратуранын алдында түзүлгөн ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча консультативдик кеңештин чечими кабыл алынган.

Аталган семинарда ишкердик субъекттеринин ишине укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын негизсиз кийлигишүүсүн, ишкердик ишке тоскоолдук кылуусун жана менчик ээлеринин мыйзамдуу укуктарын, анын ичинде макулдашылган милдеттенмелерди аткарбагандыгынан же аткарууга мүмкүн эместигинен улам бузуусун токтотуу болуп эсептелинери баса белгиленди.

Ошондой эле жарандык, административдик жана кылмыш-жаза жоопкерчилигин практикада так колдонуу үчүн ишкердик ишмердүүлүктүн аныктамалары жана белгилери каралды. Бардык мамлекеттик жана муниципалдык органдар негизсиз текшерүүлөргө байланыштуу даттануулар келип түшкөндө, мындай кайрылууларды маңызы боюнча кароо үчүн прокуратура органдарына жиберүүгө милдеттүү экендиги да көрсөтүлдү.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком