03:39, 19-апрель, 2024

Бишкек шаардык прокуратурасы ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жолдорун талкуулады

14:58, 4-октябрь, 2022 1564

АКИpress -  Бишкек шаардык прокуратурасынын конференц залында жеке ишкерлер, контролдоочу, фискалдык, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен 30-сентябрда кезектеги тегерек стол өткөрүлдү. Бул иш-чара президенттин менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө жарлыктарын аткаруу, жана ишкердик субъекттеринин ишине укук коргоо, фискалдык, контролдоочу органдардын негизсиз кийлигишүүсүн, ишкердик ишке тоскоолдук кылуусун жана менчик ээлеринин мыйзамдуу укуктарын, анын ичинде макулдашылган милдеттенмелерди аткарбагандыгынан же аткарууга мүмкүн эместигинен улам бузуусун токтотуу максатын көздөйт.

Иш-чаранын жүрүшүндө негизинен салык, жер, архитектуралык-шаар куруу жана экология чөйрөсүндөгү мыйзамдардын кээ бир ченемдеринин аткарылышы боюнча катышуучулар өз ара пикир алмашты. Талкуу жараткан маселелер боюнча тийиштүү ыйгарым укуктуу органдардын өкүлдөрү тарабынан түшүндүрмөлөр берилди.

Жыйынтыгында өзгөчө контролдоочу, фискалдык, укук коргоо органдары тарабынан ишкерлердин укуктарын коргоо менен байланышкан ченемдик укуктук актылардын талаптарын кынтыксыз аткаруу, мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча жолугушууларды, семинарларды өткөрүп туруу, ишкерлер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантуу баса белгиленди.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком